super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт өкүлү: “Унаага май куюучу жайлар бир жолку бензин куюудан 250 грамм кармап калышы мүмкүн эмес”

 

Унаага май куюучу жайлар автоунааларга бир жолку май куюудан 250 грамм кармап калышы мүмкүн эмес. Бул тууралуу парламенттин 5-марттагы жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин статс-катчысы Айбек Мамыралиев билдирди. Анын билдиришинче, кардарларда шек жаратпагыдай шарт түзүүгө унаага май куюучу жайлар милдеттендирилүүдө. "Бир гана компаниянын май куюучу жайларында чендик жабдуулар бар, аларда кардарлар алданбайт. Негизи, май куюучу жайларда 25 граммга чейин гана бензин куюлбай калышы мүмкүн. 1 литр куйса да, 100 литр куйса да 25 граммга чейин кармалып калат",- деди Мамыралиев. 

Жыйында айрым депутаттар май куюучу жайларда кардарлар алданып жатканын, берилген акчага толук бензин куюлбай жатканын айтышкан эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: