super.kg logo

"Тамашоу" Лигасынын “No name” командасы “Ак калпак” кубогун жеңип алды

 
"Музыкалык номер" тапшырмасында “No name” командасы кийимдердин аткарган кызматын сүрөттөп берди.
“Ак-Өргө city” командасы "Саламдашуу" тапшырмасында Акылай, Актан жана такайдын образын жаратты.
Таймашта оюнчулардын кара күчү да сыналып, бул сынакта “Ак-Өргө city” командасынын мырзалары жеңип алышты.
“No name” командасынын жигиттери аркан тартыш таймашында утулуу ызасын тартышты.
Аркан тартыш сынагына көрүүчүлөр туруп алып күбө болушуп, жигиттерди сүрөп жатышат.
Таймашты көрүүгө "тамашоучу" Бакыт Осмонканов жубайы менен келиптир.
“No name” командасы "Видеофристайл" тапшырмасын аткарууда.
“Ак-Өргө city” командасынын оюнчусу Кубанычбек “Мыкты оюнчу” наамына татыктуу болду.
Ал эми “No name” командасынан Садык “Мыкты оюнчу” аталды.
"Тамашоу" Лигасынын "Ак калпак" кубогу.

Бүгүн, 5-мартта Бишкектеги Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын “Ак калпак” кубогу үчүн “Ак-Өргө city” менен “No name” командаларынын бетме-бет таймашы орун алды. Алып баруучулук милдетти аркалаган "Тамашоу" долбоорунун президенти Эрмек Нурбаев сахнага эки команданы чакырды. Алгачкылардан болуп эл алдына “Ак-Өргө city” командасы өзгөчө шаңдуу бийи менен чыга келди. Эрмек мырза эки командага ийгилик каалап, оюнду ачык деп жарыялады.

"Тамашоу" долбоорунан тапталып чыккан эки күчтүү команданын тиреши кызыктуу болду. Алар “Саламдашуу”, “Ким тапан?”, “Видеофристайл”, “Алфавит”, “Музыкалык номер” тапшырмалары боюнча оюн көрсөтүштү.

Бул кубокту жеңип алуу үчүн командалар бир айга чукул кызуу даярданышып, 100 пайыз жаңы сатиралары менен келишиптир. Тапан оюнчулардын номерлеринде азыркы тапта актуалдуу болуп жаткан эшек темасы куйкум тамашалар менен чагылдырылды.

“Ким тапан?” ташырмасы 3 бөлүктөн турду. Биринчисинде командалардын ар бир катышуучусунун шык-жөндөмүн билүү максатында экиден оюнчу чыгарылды. Анда бири ырдын үзүндүсүн аткарса, каршылашы аны күлкүлүү кайрыктар менен улантып турду. Күлкү жарата албай калганы сынактан четтетилип жатты. Бул сынакта “No name” командасынын жигиттери куйкум тамашалары менен озуп чыгышты.

Экинчи бөлүгүндө калыстар тобу суроо берип, боорду эзген жоопторду алышты. Үчүнчү бөлүгү оюнчулар үчүн күтүүсүз болду. Анткени аларга бул тапшырма тууралуу айтылган эмес. Тилинен чаң чыккан мырзалардын кара күчү аркан тартыш менен сыналып, “Ак-Өргө city” командасынын жигиттери утуп алышты.

Эл оозуна алынган таланттуу оюнчулардын өнөрүн “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, режиссёр Рысбек Жабиров, стилист Замира Молдошева, юрист Жоомарт Жолдошев, ырчылар Омар, Урмат Усенов, “Эмгек резерви” дене тарбия жана спорт боюнча республикалык борборунун мүдүрү Улан Эралиев калчашты.

Жыйынтыгында "Тамашоунун" 6-сезонунун чемпиону аталган “No name” командасы “Ак калпак” кубогун жеңип алды. “Ак-Өргө city” командасынын оюнчусу Кубанычбек, “No name” командасынан Садык “Мыкты оюнчу” наамдарына татыктуу болушту.

“No name” командасынын капитаны Мурат Жалиев: “Чындыгында, утабыз деп күткөн эмеспиз. Бул жеңиш күтүүсүз болду. Себеби эски курамдагы оюнчулар кетип, командага менин 2 шакиртим кошулган. Бирок 20 күндөй талыкпай даярданганбыз. Эң негизгиси, командабыздын күйөрмандарына уят болгон жокпуз”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(52)
06.03.2015. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азаматсынар "No name" командасынын жигиттери,
женишинер кут болсун,ийгилигинер ар дайым ийгилик менен коштолсун,чыгармачылык жолунарда албан,албан жетишкендиктерге жетишинерге тилектешпиз.
06.03.2015. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
куттуктайм но нейм дагы да коптогон бийиктиктерди багынтып элдин колдоосуна арзыныздар алга но нейм командасы.
06.03.2015. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
сулуусу улуусу утту
06.03.2015. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maksat94,улуусу эмес УУЛУСУ !!!
06.03.2015. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кубанычтабыз
06.03.2015. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыздар!! Но нейм командасы ар дайым ушундай жеништерди багынтып кел бериниздар Алга!!!
Модератор dastan_nookat түзөттү 2015-03-06 01:35:30
06.03.2015. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Куттуктайм! Ош алга!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: