Жылнаама, 8-март: Мындан 81 жыл мурун акын, манасчы, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Уркаш Мамбеталиев туулган




1924-жылы Токио университетинде иштеген профессор Хидесамуро Уэного жөнөкөй фермер Хатикону белекке берет ("хати" япончодон которгондо "сегиз" дегенди билдирет). Ит ээсине аябай жакын болуп, аны эртең менен узатып, кечинде тосуп алып жүрөт. Кожоюну каза болгондон кийин ит чындыгында эле 10 жыл бою ээсин күтөт. Бул станцияда иштегендердин, жүргүнчүлөрдүн көзүнө илинип, 1933-жылы профессор Уэнонун мурунку студенти ээсин күткөн ит тууралуу макала жазып чыгат. Окуя Японияда сенсацияга айланып, атактуу япон скульптору ага арнап эстелик тургузат. "Сибуй" станциясында 1934-жылы Хатикого арналган эстелик тургузулуп, ага Хатико өзү катышкан. Ал эми бир жылдан соң ээсин күткөн ит көз жумат.
Экинчи дүйнөлүк согушта статуя аскердик жабдууга каражат болуп кеткен. Согуштан соң, 1948-жылы ага экинчи жолу эстелик тургузулуп, ал япондуктар үчүн ишенимдин жана сүйүүнүн белгиси болуп келет. Бул окуя тууралуу көп тасмалар тартылган. 1987-жылы "Хатиконун тарыхы" аттуу тасма мыкты тартылып, блокбастерге айланганы менен, дүйнөлүк резонанс жарата алган эмес. Ал эми Ричард Гир Вики Сигекуни Вонг менен биргеликте продюсерлик кылып, Голливуд тарткан “Хатико – эң ишенимдүү дос” тасмасы дүйнөлүк прокатта өзгөчө кабыл алынган.
8-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.