super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев менен Ош шаарынын мэри "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууну талкуулашты

 

Өкмөт жетекчиси Жоомарт Оторбаев 6-мартта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен жолугушуп, Ош шаарын өнүктүрүү боюнча 2014-жылы жасалган иштерди жана 2015-жылкы планды талкуулады. Мэр шаардын Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнүн курулушу тууралуу маалымат берди. Анын билдиришинче, долбоорду ишке ашыруунун экинчи этабы жүрүп жатат жана курулушу быйыл күзүндө бүтөт. 

Оторбаев көпүрөнүн сапатына көңүл буруу керектигин белгиледи. Мындан тышкары Ош шаарына инвестиция тартуу зарылчылыгын айтты. "Жеке инвесторлор Ош шаарындагы курулуштарга инвестиция салууга кызыкдар, анткени кыймылсыз мүлктүн бааларынын өсүшү байкалууда",- деди өкмөт башчы. Таза суу маселесине токтолгон шаар башчысы Ош шаарынын жашоочуларынын 100 пайызы 2016-жылы ичүүчү таза суу менен камсыздаларын билдирди.

Тараптар "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу тууралуу да пикир алышканын билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: