super.kg logo

Ошто жаз майрамына карата таланттуу окуучулардын катышуусунда концерт уюштурулду

 

Ош шаарындагы “Кыргыз-түрк достугу” мектебинин таланттуу окуучулары жаз майрамына карата концерттик программа тартуулашты. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.

Программанын башталышында келген коноктор сөз сүйлөп, бүт аялзатына карата куттуктоолорун айтышып, мектептин алдынкы окуучуларына мактоо баракчалары берилди. Мындан сырткары мектептин беделин көтөрүүдө зор салымын кошкон мугалимдер менен ата-энелердин эмгектери бааланып, ыраазычылыктар билдирилди. Таланттуу окуучулардын концертинин негизин "Манас" айтуу, кыргыздын бийлери, тамашалуу интермедиялар, аялзаты менен жаз жөнүндө ырлар жана эне тууралуу видеотүрмөктөр түздү.   

Майрамдык иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунан келген өкүл Султан Таир, Ош облусунун жетекчилери, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, аталган мектептин окуучулары жана ата-энелер катышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: