super.kg logo

Түркияда Хамди Алкандын кыргыз жеринде тарткан “Жазга сапар” аталышындагы тасмасынын бет ачары болот

 

13-мартта Түркияда режиссёр Хамди Алкандын кыргыз жергесинде тарткан “Жазга сапар” аталышындагы тасмасынын бет ачары болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына режиссёр Сүйүн Откеев билдирди.

“Жазга сапар” тасмасында түрк мугалимдеринин кыргыз жергесинде алгачкы мектептерди ачкан мезгили, анын жүрүшүндөгү кыйынчылыктар, билим берүү аркылуу эки элдин карым-катнашынын өсүүсү чагылдырылат.

Аталган тасма 2014-жылдын жай айында Ысык-Көлдө, Бишкек шаарында тартылган. Хамди Алкан тартуу аянтчасында “Супер-Инфо” гезитине берген маегинде кыргыз жеринин ажайып кооз табиятына суктанып жатканын билдирген.

Хамди Алкандын Кыргыз Республикасындагы өнөктөшү: "Тасма ийгиликтүү тартылып бүткөн. Ал биздин өлкөдө да көрсөтүлөт, бирок кайсы айда экени азырынча белгисиз",- деди.

Эске салсак, Хамди Алкан түрктөрдүн белгилүү “Даңазалуу кылым” сериалында дарыгер, илимпоз, окумуштуу, султан Сулеймандын кеңешчиси, гарем башчысы Афифе хатундун баласы Яхья эфендинин ролун ойногон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: