super.kg logo

Алтынбек Максүтов: "Самара Токтакунова комуз менен кыргыз элин дүйнөгө таанытса, комузду ал аркылуу аңдадык”

 

Бүгүн, 9-мартта СССРдин жана КРнын Эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакунованын 70 жылдык мааракесине арналган илимий конференция өткөрүлдү.

Иш-чара К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында орун алып, салтанатка КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Эсенгул Исаков, Каныбек Иманалиев, Карганбек Самаков, Роза Акназарова, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Кыргыз Эл акыны Майрамкан Абылкасымова, СССРдин жана КРнын Эл артисти Кайыргүл Сартбаева, залкар комузчунун замандаштары, жаш музыканттар катышты.

Аземдин жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясынын жана Кыргыз улуттук консерваториясынын эл аспаптар оркестрлери, “Акак” комузчулар ансамбли, “Хан-Теңири” ансамбли, төкмө акын Аалы Туткучев, эл аралык сынактардын лауреаттары Залина Касымова, Нурзат Орозалиева, Бек Алагушов жана башкалар өнөрлөрүн көрсөтүштү.

“Кыргыз эли өмүрү да, өнөрү да элге өрнөк болуп, санат болуп айтыла жүргөн залкарлардан уучу кур эмес. Сиз Карамолдо, Атай, Ыбырай, Чалагыз, Шекербек агабыздан калган улуу комузду аздек тутуп, кылымдардан бери уланып келаткан көчтүн нарк-насилин бузбай, бүгүн 70 жашты багынтып отурасыз. Мааракеңиз кут болсун! Кыргыз улуу сөзү, шаңшыган комузу, шыңгыр добушу менен доорлордун ашуусун ашып келатат. Түшүнгөн жанга жүрөктүн кылы болгон комуз сиздин айрып алгыс жан шеригиңиз экени баарыбызга маалым. Сизди, сиз аркылуу жалпы кыргыз элди дүйнөгө комуз таанытса, комузду сиз аркылуу аңдадык”,- деди А.Максүтов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
10.03.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кутман курак кут болсун! Эжеке жапжаш экен дагы эле!
10.03.2015. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жапжаш бойдон журо бериниз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: