Ата-энелер: "Депутаттар “Себат” лицейлерин жабабыз дешет, бирок себептерин түшүндүрүп бере алышкан жок"



“Биздин Жогорку Кеңештин депутаттары бийик трибунадан туруп алып “Себат” лицейлерин жабабыз дешет, бирок себептерин түшүндүрүп бере алышкан жок. Бул эл өкүлдөрүнүн оозунан чыкчу сөз эмес”. Мындай пикирин бүгүн, 11-мартта маалымат жыйын учурунда Жаркынбек Касымбеков билдирди. Анын "Себатта" 3 баласы окуйт, айтымында, аталган окуу жайда балдарга мыкты билим беришет.
“Биз балдарыбыз билим алсын деп акча төлөп окутабыз. Анда англис, түрк тилдери мыкты берилет. Менин эки уулум, бир кызым ушул окуу жайдын лицейлеринде окушат. Мен ата катары аларга эң мыкты билим берилүүсүн каалап ушул жерге бергем. Азыркы тапта анда 11 миң окуучу билим алууда. Балдарым "Себат" жабылышы мүмкүн" деген сөздү уккандан бери жаман болуп жүрүшөт”,- дейт Касымбеков.


жакшы суроо бердин
Ушу жогору билим алып аткандар, ошондой билим берип жаткандарга бул суроону милион жолу берип, милион жолу бир эле жоопту алганына ишенип койо бер.
кийин . Коруп журобуз чет элде журуп зангыраган уй салышат дуйно топтошот бирок баландын сага деген мээрими жок . Аларга деле айла жок Кыргызстанда эч нерсе кылалбайт.Бул мамалекеттин денгелиндеги глобалдуу маселе болуп жатат. Ошондуктан урматтуу ата энелер балдарынардын келечегин ойлонгула . Биздин миссия артыбыздан тарбиялуу ымандуу билимдуу балдарды калтыруу.Ушул келечек Кыргызстанды онуктурот жана алдынкы мамалекетке айландырышат!!!