super.kg logo

Аргентина жана кыргыз өлкөлөрүндө кино жумалыктары өтөт

 

Бүгүн, 11-мартта КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов Аргентинанын Кыргыз Республикасындагы элчиси Пабло Ансельмо Теттаманти менен жолукту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, жолугушууда эки тараптуу сүйлөшүүлөр Аргентина менен кыргыз өлкөсүнүн ортосундагы маданият, маалымат жана туризм багыты боюнча кызматташуунун негизи болорун айтып, эки өлкөдө аталган тармак боюнча өтүүчү иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

“Аргентина – туристтерди кабыл алууга да, ошондой эле туристтерди башка жактарга жиберүүгө да жөндөмдүү мамлекет”,- деди элчи.

Министр кыргыз жеринде туризм өнүгүп келе жаткан тармак экенин белгилеп, бул багыттагы сунуштарды колдой турганын айтты. Андан соң жакынкы арада өтө турган маданий иш-чаралар – “Мейкин Азия”, “Арт Ордо” фестивалдары, кино жумалыктары тууралуу айтып, аргентиналык өнөрпоздор үчүн кыргыз өлкөсүнүн эшиги дайым ачык экенин билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки өлкө ортосундагы алгачкы маданий кызматташуу кино жумалыктарынан башталары чечилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: