super.kg logo

Илимий чөйрөнүн назарын көчмөн цивилизациянын мурасына бурдурууга багытталган китеп жарык көрдү

 

Бишкектеги КРнын Улуттук илимдер академиясында техника илимдеринин доктору, профессор, КРнын Илимге эмгек сиңирген ишмери Жумабек Тентиевдин “Күн тамга” аттуу китебинин бет ачары болду. Аталган академиядан бүгүн, 11-мартта билдиришкендей, китеп бири-бирине тыгыз байланышкан үч бөлүктөн турат. Автор боз үйдүн генезисине байланышкан архитектуралык маселелерди иликтөө менен боз үйдүн прототиби Улуу Евразиянын кайсы аймагында, ким тарабынан жаралгандыгына жооп бергенге аракет жасайт. Белгилүү болгондой, алгачкы жамааттык коомдун өнүгүүсү менен үй коомдун руханий жана материалдык байлыгын алып жүрүүчү болуп калган. 

Изилдөөнүн илимдеги комплекстүү бир нече усулу пайдаланылгандыгына байланыштуу жыйынтыктар гипотеза, теория жана ачылыш катары карала турган көз караштар түрүндө берилген. 

Илимий эмгектин негизги максаты – илимий чөйрөнүн назарын көчмөн цивилизациянын мурасына бурдуруу жана илимий изилдөөлөрдүн жаңы багытын белгилөө. Автор бул эмгеги менен окумуштуулардын көңүлүн миң сырдуу жана көп ачылыштар күтүлгөн байыркы көчмөн цивилизациясына жана түрк дүйнөсүнүн мурастарына бурдурат, аларды тыгыз иштешүүгө чакырат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: