super.kg logo

Кыргыз циркинин жаш өнөрпоздору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана окуучуларга бекер шоу тартуулашты

 

Кыргыз циркинин жаш өнөрпоздору ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана окуучуларга бекер шоу-программасын тартуулашты. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Кыргыз мамлекеттик циркинин башкы директору, Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Курмангазы Исанаев билдирди. Анын айтымында, шоу-программа атайын Нооруз майрамына карата даярдалган.  

“Быйыл башка жылдардан өзгөчөлөнтүп, бул жерге манеждин чеберлерин эмес, көпчүлүккө чыга элек, жаңыдан студияны бүтүрүп жаткан келечектеги артисттерди көрсөткөнгө аракет кылдык. Бизде министрликтин астында Көркөм кеңеш бар, алар жаш артисттердин көрсөткөн өнөрүнө бааларын берсин дегенбиз. Анан ушул программа менен 21-31-мартка чейин мектеп каникулдарына ылайыкташтырып шоу-программаны көрсөтөлү дедик. 

Ал эми бүгүнкү иш-чара бет ачары болду. Кирүү акысыз болуп, ага балдар үйүнөн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, мектеп окуучулары чакырылган. Аларга аябай жакты көрүнөт, күлүп-жайнап, көңүлдөрү жайдары болуп отурушту”,- деди Исанаев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: