Жылнаама, 13-март: Мындан 6 жыл мурун коомдук жана саясий ишмер Медет Садыркулов каза болгон


Коомдук жана саясий ишмер Медет Садыркулов 1953-жылы 13-декабрда Чүй облусундагы Кемин районунун Ильич айылында төрөлгөн. Жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик университетинде алып, тарыхчы адистигине ээ болгон. Эмгек жолу 1971-жылы Ильич атындагы мамлекеттик асыл тукум заводунда жөнөкөй жумушчу болуудан башталып, жогорку окуу жайын бүтүргөн соң Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда (1977-1991-ж.ж.) окутуучу болуп эмгектенген. Ал эми 2007-жылдын 30-мартынан 16-апрелине чейин кыргыз өкмөтүнүн аппарат жетекчилигине, 2007-жылдын 16-апрелинен 2009-жылдын 8-январына чейин президенттин администрация жетекчилигине дайындалып, иштеп келген. 2009-жылдын 8-январында өз каалоосу менен отставкага кеткен.

* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы Швейцариянын Сьер шаарына жакын жерде окуучулар отурган автобус кырсыкка учураган. Автобуста болгон 52 адамдын 28и каза болуп, калгандары ар кандай жаракаттарды алган.
13-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.