super.kg logo

Белгилүү обончу Азат Дөөткулов чыгармачылыгынын 35 жылдыгын ырчылардын коштоосунда белгиледи

 

Бишкекте белгилүү обончу, музыкант Азат Дөөткуловдун чыгармачылыгынын 35 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта SUPER.KG порталына обончунун өмүрлүк жары, ырчы Сайра Момунбаева билдирди.

Чыгармачылык кечеге КРнын Эмгек сиңирген артисти Султан Каримов, ырчылар Гүлнара Кахарова, Гүлнара Тойгонбаева, Гүлнур Асанова, Жийдеш Идирисова, Азамат Сарыбаев, Гүлжигит Калыков, Курал Чокоев, Ильяз Андаш, “Инсан”, “Эне-Сай”, “Тумар Арт” топтору жана башкалар катышты. Өнөрпоздор Азат мырза жараткан керемет обондуу чыгармаларды аткарышты. Ошондой эле спектакль, тасмалардагы кайрыктары оболоду. Ал эми “We’ll be”, “Сымбат” бий топтору кечени коштоп турушту. Бул кечеге белгилүү акындар, театр актёрлору, обончунун жакындары, чыгармачылыгын сүйүп уккан ыр ышкыбоздору күбө болушту.

“Жүрөктөн чыккан обондуу ырлар эл оозуна алынганы менен, аны аткарган ырчылар таанылып, авторлору айтылбай көмүскөдө калып калат. Жолдошум Азаттын музыка дүйнөсүнө аралашканына 35 жылдын жүзү болду. Ушул жылдар аралыгында көптөгөн обондорду жаратып, алар эл сүйгөн кайрыктарга айланды. Чыгармачылыктын чыйыр жолунда талыкпай эмгектенип, атактуу аткаруучуларга бир топ обондорду жаратты”,- деди Сайра Момунбаева.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: