super.kg logo

Маданият министрлиги Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы программасын кабыл алды

 
Бүгүн, 13-мартта КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов жана Көркөм-эксперттик комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз мамлекеттик циркинин жаңы программасын кабыл алышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, 2,5 саатка созулган оюн соңунда министр цирк артисттери менен жолугуп, ийгиликтер, кемчиликтер тууралуу пикир алышты. Министр номерлер негизинен өз алдынча талапка жооп бергени менен, аларды бири-бирине байланыштырган композициянын, режиссуранын жоктугу байкалып турганын белгиледи. 

Бирок цирктин алдындагы студиянын тарбиялануучулары тартуулаган программа цирктин келечеги бар экенин, таланттуу муун өсүп келе жатканын айгинелей турганын билдирди. Көркөм-эксперттик комиссия талкуу учурунда сунуштарын, кемчиликтерин айтып, жалпы жонунан программа талапка жооп берет деген чечим кабыл алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: