super.kg logo

Жылнаама, 16-март: Мындан 23 жыл мурун "2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу" аталган "тамашоучу" Самат Эркинбек уулу туулган

 
* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы обончу Исирадин Аманбаев Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылында туулган. Ал 1980-1984-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультетинен, 1988-1995-жылдары Кыргыз улуттук консерваториясынын композитордук бөлүмүнөн билим алган. 1984-1988-жылдары орто мектептерде мугалим, 1995-1998-жылдары Кыргыз-Түрк лицейинде искусство бөлүмүнүн башчысы, 1998-2001-жылдары Билим, илим жана маданият министрлигинде жетектөөчү, башкы адис, 2000-жылдын 8-майынан 28-июнуна чейин Анкара шаарында "Түрксойдун" чакыруусу менен такшалмадан өтүп, түрк тилин үйрөнүүнүн толук курсун аяктаган. 2001-2003-жылдары Ош облусунун Маданият департаментинин директору, 2003-2007-жылдары Ош облустук маданият башкармалыгынын башчысы, 2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, 2008-жылдын 18-мартынан Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министринин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси болуп иштеген. Ал симфониялык жана камералык чыгармалардын, көптөгөн обондуу ырлардын автору. 1992-жылы Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты болуп, 2000-жылы “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылган. 2006-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги” төш белгиси берилген.
 
* Мындан 23 жыл мурун, 1992-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу" аталган "тамашоучу" Самат Эркинбек уулу Токмок шаарында туулган. 2008-жылы Бишкек шаарынын Ак-Өргөө конушундагы №77-мектепти бүтүрүп, 2009-жылы медициналык училищеге тапшырып, 2012-жылы аяктаган. "Тамашоу" долбооруна 2007-2008-жылдары "Ак-Өргө City" командасы менен катыша баштаган. "Тамашоудон" сырткары "Мачо", "До+Фа", "До+Фа 2", "Көк салкын", "Көк салкын 2", "Пентхаус", "Браво", "Гонщик таксист" тасмаларында роль жараткан.
* Мындан 47 жыл мурун, 1968-жылы Вьетнам согушу учурунда америкалык аскерлер Милаи кыштагынын калкын жок кылышкан. 1 жаштан 82 жашка чейинки 500дөй карапайым эл өлтүрүлүп, алардын көбү өлөрдүн алдында кыйноолорго учурап, зордуктоого дуушар болушкан. Коомчулуктун кыжырын кайнаткан бул кылмыш үчүн бир гана америкалык жоокер соттолуп, 3 жарым жылдан кийин бошотулган. 
* Мындан 48 жыл мурун, 1967-жылы кино көрөрмандарынын сүймөнчүк тасмасына айланган "Фантомас" фильми Франциянын экрандарына чыгарылган. Андре Юнебель тарткан "Фантомас Скотланд-Ярдга каршы" аттуу фильмде Жан Маре, Луи де Фюнес, Милон Демонжо сыяктуу француз искусство чеберлери башкы ролдордо ойношкон.
16-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.03.2015. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
самат пацан екенсинда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: