super.kg logo

Ош шаарында Нооруз майрамын өткөрүүгө даярдыктар көрүлүүдө

 

Ош шаарында “Нооруз-2015” элдик майрамын өткөрүүгө кызуу даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Нооруз майрамын уюштуруу үчүн атайы комитет түзүлүп, шаар ичинде өтүүчү иш-чаралар бекитилген. Учурда шаар ичи, майрамдык аянттар, эс алуу жана сейил бактары майрам шаанисинде жасалгаланууда. Ошондой эле кеңештердин төрагаларына, шаардык мекеме-уюмдардын жетекчилерине аз  камсыз болгон, турмуш шарты оор, көп балалуу үй-бүлөлөр үчүн кайрымдуулук акцияларын өткөрүү тапшырылды. Мындан сырткары “Таза короо-жай, таза шаар” акцияларын уюштуруу жагы тиешелүү жетекчилерге милдеттендирилип, шаар ичин жашылдандыруунун, көрктөндүрүүнүн жана санитардык тазалоонун эки айлыгын сапаттуу уюштуруу керектиги эске алынды.

"Нооруз күнү театрлашкан оюн-зоок көрсөтүлүп, эне жөнүндө ырлардын, “Биз таланттарга издөө салабыз”, “Эң мыкты элдик бий жамааты”, “Эң мыкты азем бийи”, “Балдар тарткан эң мыкты сүрөт” сынактары өткөрүлөт. Ошондой эле борбордук аянтта Кадыр түн тосуу каадасын өткөрүү максатында сегиз канат, алты канат боз үйлөр тигилип, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат”,- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: