super.kg logo

Жаш медиктер саламаттыкты сактоо жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн баштапкы кадамдарын сунушташты

 
"Жаш медиктер" коомдук бирикмеси саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кайрылып, өлкөбүздүн медицина тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн баштапкы кадамдарын сунушташты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 17-мартта аталган бирикменин төрагасы Орозбек Муратов билдирди. 

Кадрдык өзгөртүүлөр, аймактардагы медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана ооруканалардын иштөө системин жакшыртуу боюнча жазылган сунуштарда: "Азыркы медициналык мекемелердин жетекчилери бюрократиялык ой жүгүрткөн, трайбалисттик көз караштагы, коррупцияга баткан эски адамдар экени талашсыз. Оорукананын аймагындагы дүкөн, дарыкана, ашкана жана лабораториялардын ижара акысы бюджетке толук түшпөгөнү, оорулуулардын тамак-ашына, оңдоп-түзөө иштерине бөлүнгөн каражаттын туура пайдаланылбаганы буга далил. Жаңы заманбап жабдуулар менен камсыз кылууну жана аймактардагы медициналык кызматкерлерге шарт түзүү, эмгек акысын жогорулатуу жолу менен жаш кадрларды тартууну сунуштайбыз. 

Бейтаптар үчүн кезек күтүү, "Тез жардам" чакыртуу, дарылануу же кеңеш алуудагы кыйынчылыктарды эске алып, жаңы Европа стандарттарына ылайык электрондук эрежелер менен иштөөнү сунуш кылабыз. Ошондо элдин медицинага болгон ишенимин кайтарып, оорулардын өтүшүп кеткен абалына туш келтирген табып, эмчилердин жарандардын ден соолугуна терс таасир берген окуяларына бөгөт коёт элек",- деп айтылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: