Жылнаама, 18-март: Мындан 39 жыл мурун "Клон" сериалындагы Жадинин образы аркылуу атактуулукка жеткен бразилиялык актриса Жованна Антонелли туулган

* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиокорпорациясынын ачкачылык жарыялаган 5 кызматкери үч күнгө уланган акцияны токтоткон. Ачкачылык акциясына чыккандар Кыргыз радиосунун жетекчиси Байма Сутенованы кызматтан кетирүүнү талап кылышып, ал оюн бийликке жеткирүүнү көздөшкөнүн билдиришкен.

19 жашында Голливудга кеткен жаш режиссёр ал жерде кино тартпай эле, режиссёрлорго чай, кофе даярдап иштеген. Кайрадан Парижге келип, адегенде майда клиптерди тартып, такшалган режиссёрлордун жардамчысы болуп иштеп, ошол эле убакта өзүнүн “Бөрүнүн тасмасы” деген чакан киностудиясын ачып алат. Акчасы аз болгондуктан, жаш режиссёр үнсүз жана ак-кара фильмдерди тарткан. “Жер төлө”, “Никита”, “Леон” деген тасмалары жарык көргөндө режиссёр киностудиясын “Дельфиндин тасмасы” деп өзгөртөт.
Голливуд Бессонду “5-элемент” деген фантастикалык тасмасынан кийин кабыл алган. “5-элемент” режиссёрду гана эмес, актёрлор Брюс Уиллис менен Гэри Олдманды жана режиссёрдун жубайы, супермодель Милла Йововичти (кийинчерээк ажырашып кетишкен) атак-даңкка жеткирген. Мындан сырткары ошол эле Милла Йовович менен “Жанна д`Арк”, Сами Насери менен “Такси 1-4”, Жет Ли менен “Ажыдаардын өпкөнү” жана башка мыкты фильмдери Люк Бессондун талашсыз күчтүү режиссёр экендигин далилдеген.

18-мартта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.