super.kg logo

Ош шаарынын милиция бөлүмдөрүнө видеокөзөмөл орнотулду

 

Ош шаарынын милиция бөлүмдөрүнө видеокөзөмөл орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, видеокөзөмөлдөө Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгында, "Ак-Буура" жана "Сулайман-Тоо" милиция бөлүмдөрүндө орнотулду. Айта кетсек, шаардык прокуратура милиция бөлүмүндө видеокөзөмөлдөө камераларын орнотуу боюнча долбоордук сунушун иштеп чыккан. Бул долбоор аркылуу укук коргоо органдарындагы ишти жакшыртуу, прокурордук көзмөлдүн эффективдүүлүк максатын көздөөдө. Долбоордун алкагында убактылуу кармоочу жайда, кире бериште, тепкич аянттарында 25 видеокамера, ал эми милициянын эки бөлүмүндө 20дан ашуун камера орнотулду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: