super.kg logo
  Саясат  

Германия. Европа борбордук банкынын жаңы башкы кеңсесинин ачылышына каршы жарандар акцияга чыгышты

 
Германиянын Франкфурт шаарында Европа борбордук банкынын жаңы башкы кеңсесинин ачылышына каршы чыккан демонстранттар менен полиция кагылышында жаракат алган полиция кызматкерлеринин саны 80ге жетти. Бул тууралуу шаардык полициянын өкүлү Хессер Кошигге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 
Маалыматка караганда, нааразылык акциясы бүгүн, 18-мартта башталган. Анда акциянын катышуучулары тарабынан миңдеген тартип бузуулар катталып, 300дөй киши кармалган. Нааразылык акциясынын уюштуруучулары да демонстранттардын арасында жаракат алгандар көп экенин айтышууда. Полиция кызматкерлери акцияга чыккандар аларга таштарды ыргытып, бир нече машинага өрт коюшканын билдиришти.
Европа борбордук банкынын жаңы башкы кеңсесинин ачылышы банктын төрагасы Марио Драги жана башка жүздөгөн коноктордун катышуусунда өтмөк. Демонстранттар банктын саясатына каршылык билдиришүүдө. Акцияга чыккандар бюджеттерди үнөмдөө жана экономикалык реформалар аркылуу фискалдык эрежелерди сактоону камсыздаган үчилтик (Эл аралык валюта фонду, Европа комиссиясы менен катар Европанын борбордук банкы) экономикалык өсүштүн токтошуна жана жумушсуздардын көбөйүшүнө алып келет деген пикирде. 





Франкфуртта полиция менен демонстранттар кагылышты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: