super.kg logo
  Саясат  

ЖКда 7-апрелдеги талап-тоноо фактысын талкуулаган жыйынга катышуудан Турсунбай Бакир уулу дагы баш тартты

 

2010-жылдын 7-апрелинде болгон талап-тоноо фактысы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу маалыматты талкуулап жаткан учурда депутат Турсунбай Бакир уулу дагы жыйын залынан чыгып кетти. Ал парламенттик оппозициянын добуш берүүдөн баш тартуу чечимин колдоорун маалымдады. «Парламенттик көпчүлүк дайым эле чын боло бербейт. Аны тажрыйба да, тарых да көрсөттү, токтомго добуш бере албайм, ошон үчүн чыгып кетем»,- деди депутат. Ал эми төрага Асылбек Жээнбеков жыйын залынан чыгып кетүүдөн мурун бул маселенин аягына чыгыш керек  деген пикирин айтты. “Урматтуу депутаттар, чыгып кеткендер жакшы, калган депутаттар жаман дегенден алыс бололу”,- деди төрага.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: