Нарында дубалы ураган мектепти оңдоого 400 миң сомдой каражат жумшалат




Ак-Талаа районуна караштуу Кызыл-Белес айылындагы мектептин урап калган бөлүктөрүн оңдоо иштерин аны курган ишкана каржылайт. Ага болжол менен 400 миң сомго жакын каражат керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта маалымат жыйынында "Бишкек шаар курулуш" компаниясынын директорунун милдетин аткаруучу Бөрүбай Ахмедов билдирди.
"Мектепти биздин ишкана салган. Учурда мектептин ичинде оңдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Айта кетчү нерсе, биз убагында эле бизге тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөнбүз. Бирок кышында катуу суукта мектепте электр менен камсыздоо толук болбой калган. Анын кесепетинен жылытуу тутумунда жарылуу болуп, полдун алдын суу каптай берген. Ошонун кесепетинен мектептин ичинде 2 класстын, ашкананын жана даараткананын полдору чөгүп кеткен. Суу полдун алдында болгондуктан, ал дароо байкалган эмес. Мектеп жетекчилиги дубалдан жаракка кеткенден кийин бизге кайрылып, биз ал жакка барып текшерген болчубуз",- дейт Б.Ахмедов.
Айта кетсек, 28-февраль күнү Кызыл-Белес айылындагы Атамбеков атындагы орто мектептин дааратканасынын полу түшүп кеткен. Мындан улам даараткана менен мектепти бөлүп турган дубал урап калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:55
2025-07-10

14:9
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Ajar.

19.03.2015. 14:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чала бүткөн иш жаман, ооруй берген тиш жаман... Эми сабак болот, өздөрүнө да, башкаларга да...
Sake80

19.03.2015. 15:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баидыгы эле кылган ишин моюнуна албайтко,эшектин этин саткандар журналистерди сотко берем деп коркутту эле эми мунусу окуган балдарды мектепти буздунар деп сотко берсин
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.