Арзуу сезим, жоопсуз махабат, достордун сүйүүгө бут тосконун чагылдырган "Ботан менен Купидон" аттуу тасманын бет ачары болду
Тасманы алгачкылардан болуп көрүүгө келгендер.


Тасманы алгачкылардан болуп көрүүгө келгендер.

Тасманын башкы каармандары.

Тасманын каармандары.

Тасманын режиссёру Нурлан Разакулов.

Тасмада Лиананын ролун жараткан Зулайка Эркимбаева.

Фильмде терс каармандын ролун жараткан Атай Кененбаев.

Лиананын курбусунун ролун ойногон Каныкей Ринатова.

Башкы каарман Ботандын образын жараткан Айбек Туратбеков.

Сүйүү Кудайы - Купидондун ролун Тьерри Махасуру ойногон.

Тасмадан үзүндү.

Тасмадан үзүндү.


















Бүгүн, 19-мартта Бишкектеги "Манас" кинотеатрында "Ботан менен Купидон" аталышындагы комедиянын бет ачары болду. Фильмдин режиссёру Нурлан Разакуловдун айтымында, тасма жаштарга арналып тартылган. Андан арзуу сезимдерин, достордун сүйүүгө бут тосконун, жоопсуз махабатты көрүүгө болот.
Автор: Динара Абдыкадырова
Фото: Динара Абдыкадырова
Башкы каарман Байэл университетте мыкты окуган студент. Бирок өзүнө ишенбеген, тартынчаак жигит. Ушундан улам ал жакшы көргөн кызы Лианага сезимдерин айта албай кыйналат.
Ага Сүйүү Кудайы делген Купидон келип жардам берет. Бирок Лиананын кыялы чатак болгондуктан, Купидон бул жаатта бир топ эле кыйналат. Анын аракети күлкүлүү окуялар менен коштолуп, башкы миссиясын аткарат.
"Сүйүү темасын дайыма актуалдуу деп эсептейм. Негедир социалдык темаларды козгогум келген жок. Тасма башынан аягына чейин сүйүү темасын сүрөттөйт. Анткени кинотеатрларга эл эс алуу үчүн келгендиктен, жакшы маанай тартуулоо башкы ниетим болду. Сүйүүнү жаштардын тили менен жеткирүүгө аракет кылдым. Фильм бир айдын ичинде тартылып бүттү. Каармандарды кастинг аркылуу тандап алдык. Алар дагы фильмге идеяларын кошушту",- деди Нурлан Разакулов.
"Ботан менен Купидон" комедиясынын бет ачары болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Bili

SUPER.KG видео
22.03.2015. 01:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кино окшойт?
Mahabat84

Медиа-портал
28.03.2017. 09:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге кыргыз тилинде эмес
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.