Жылнаама, 20-март: Мындан 2 жыл мурун Ак үйдүн чатырында 7-Апрель окуясына байланыштуу соттун көчмө жыйыны болуп өткөн

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Ак үйдүн чатырында 7-Апрель окуясына байланыштуу соттун көчмө жыйыны болуп өткөн. Ага соттук-тергөө экспертизасын өткөрүү үчүн адис Орозбай Колубаев жана эксперт Павел Берхтольд чакырылган. Сот ишине төрагалык кылуучу судья Дамир Оңолбековдун сот процессинин катышуучуларына экспертке жана адиске суроо берүүсүнө тыюу салган. Бул текшерүүлөр айыпталып жаткан "Альфа" атайын даярдыктагы аскерлер бөлүгүнүн көзгө атарларынын "Ак үйдүн чатырынан "Ала-Тоо" аянтындагы адамдарды атууга мүмкүн эмес, тиешелүү аймак 2-кабаттан гана көрүнөт" деген билдирүүлөрүнүн негизинде өткөн.
* Мындан 12 жыл мурун, 2003-жылы Орусия, Кытай, Германия, Франция сыяктуу өлкөлөр каршы турганына карабастан, АКШ баш болгон Англия, Австралия жана Түркия мамлекеттери массалык кыргын салуучу курал бар дешип, Иракка кол салып киришкен. Кийинчерээк кыргын салуучу куралдын Иракта жок экенин АКШ бийлиги моюнуна алган.

20-мартта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.