super.kg logo

Бишкекте 17 өлкөдөн келген жаш таланттардын шаңдуу концерти өткөрүлдү (фото)

 
Беларустан келген Анастасия Кирильчик фестивалдын ийгиликтүү өткөнүнө кубанып жашып алды.
Фестиваль башка мамлекеттен келишкен улан-кыздарды дос кылды.

Бүгүн, 19-мартта Бишкектеги Спорт Ордосунда тил жана маданият боюнча 13-эл аралык фестиваль орун алды. Салтанаттуу иш-чарага КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Каныбек Осмоналиев, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Түркиянын КРдагы элчиси Метин Кылыч жана башкалар катышты.

Фестивалда 17 өлкөнүн мукам үндүү, таланттуу окуучулары обон созушту. Алсак, Түркия, Казакстан, Индонезия, Филиппин, Таиланд, Индия, Мозамбик, Румыния, Тажикстан, Танзания, Беларусь, Азербайжан, Грузия, Америка, Косово, Орусия жана Украинадан келишкен улан-кыздар салттуу музыкалуу ырларын жаңыртышты. Залга толгон көрүүчүлөр ар бирине дүркүрөтө кол чаап колдоп отурушту. Ошондой эле ырчы Юлия Руцкая “Аппак сүйүү” ырын кыргыз жеринин атынан катышып жаткан жаш өнөрпоз менен бирге аткарды. Ал эми Султан Садыралиев “Кыргыз бийи” чыгармасын ырдады. Анын бул чыгармасын бийчилер коштоп, ага чет элдик таланттар да кошулду. Буга күбө болушкандар шатыра-шатман кол чаап, кыйкырып сүрөп жатышты. Түрк элинин улуттук бийин кыргыз бийчилери чимириле бийлеп бергени да элдин колдоосуна арзыды. Мындан тышкары "Манас" айтылып, кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарынан чыккан кайрыктар жаңырды.

Беларустан келген Анастасия Кирильчик: “Биз кыргыз жерине келгенден тарта көптөгөн репетициялар, жолугушуулар болду. Аябай чарчадык, бирок жыйынтыгында керемет шоу көрсөтүлдү. Мен башкаларга да жакты деп ойлойм. Бул жак мага абдан жакты, дагы келем деген үмүттөмүн”,- деди толкундана көзүнө жаш алып.

Украинанын жаш таланты Алла Сорокко: “Бул фестиваль - эң сонун салтанат. Акыркы учурда көптөгөн заманбап жанрдагы музыкалар жайылып баратат. Алардын кулач жайып жатканына каршы эмесмин, алар дагы өзүнчө бир керемет. Бирок менин көз карашым: түпкү тегибизди унутпай, салттуу ырларды аткарышыбыз зарыл. Анткени ар бир улуттун музыкасы кайталангыс керемет. Фестивалдан көп дос таптык. Башка өлкөнүн өкүлдөрү менен жылуу мамиле курдук, мындай алака азыр бизге жетишпей жатканда жакшы саамалык болуп берди”,- деди.

Ар кайсы мамлекеттерден келген окуучуларды бириктирип, дүйнөнүн бардык түстөрүн бир жерге чогулткан бул фестиваль адамдардын жакындан таанышуусуна өбөлгө түзөт. Фестиваль өлкө аралык ортодогу тоскоолдуктарды жоюп, жаштыктын деми дүйнө жүзүндөгү тынчтыкка күч берет. 

Бул фестиваль жалаң Түркияда уюштурулуп келсе, 2013-жылдан тарта башка мамлекеттерде өткөрүлө баштады. Эл аралык тил жана маданият фестивалы расмий жана жарандык коомчулуктун колдоосу менен 2006-жылдан бери дүйнөнүн бир нече мамлекеттеринде уюштурулуп келет. Иш-чараны Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин демилгеси менен Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, туризм жана маалымат министрлиги уюштурууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Комментарийлер(7)
19.03.2015. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай гана сыймык э бул фестиваль кыргызстанда откону.
20.03.2015. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы корунуш...оркундоп осо бер Улуу Кыргызстаным
20.03.2015. 00:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ХХХ жокго
Модератор admin_portal түзөттү 2015-03-20 09:08:52
20.03.2015. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eraly___ - 3 күнгө БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
20.03.2015. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аларда себат турк лицей жок . ошого байланыштуу келбеди окшойт
20.03.2015. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул да болсо маданият министирлигинин аракети
20.03.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку деңгээлде өттү. Өзгөчө кайсы өлкөнүн өкүлү жана ырына жараша чоң экранда фон алмашып клип сыяктуу көрсөткөнү жана залда отургандардын баарын 10-15 камера менен тартып улам залдын бир бөлүгүндө отурган көрүүчүлөрдү көрсөтүп(сөз таппай атамын) техникалык жактан аябай сонун коштоо болду.Азербайджандан келген ЭНЕ жөнүндө ырдаган 10-12 жаштагы баланын үнү аябай сонун экен(кыйын ырчы боло турган). Юлия Руцкая менен ырдаган Кыргыз кыздын үнү да сонун экен. концерт деп ушуну айтыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: