super.kg logo

Ачык асман алдында Алыкул Осмоновдун ырлары окулуп, обондуу ырлар аткарылды

 

Бүгүн, 20-мартта Бишкектеги Кыргыз улуттук китепканасында улуу акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесине арналган "Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,/ Узак, узак, узак болсун бул сапар./ Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,/ Кайра кайтып, жолугушчу жолдор бар..." аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана поэзия кечеси өттү. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Каныбек Осмоналиев, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектаналиев, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, студенттер, окуучулар катышты.

Салтанат китепкана алдында тургузулган акындын эстелигине гүл коюу менен башталып, ачык асман алдында А.Осмоновдун ырлары окулуп, анын сөзүнө жазылган обондуу ырлар аткарылды. Расмий бөлүктөн кийин келген меймандар китепканада уюштурулган китеп-сүрөт көргөзмөсү менен таанышышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: