Жылнаама, 21-март: Мындан 493 жыл мурун Осмон империясынын даңазалуу султаны Сулайман жана Хүррем султандын кызы Михримах султан төрөлгөн

Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда 36 жашка караган курагында оорудан улам көз жумган.
* Мындан 493 жыл мурун, 1522-жылы Осмон империясынын даңазалуу султаны Сулайман жана Хүррем султандын кызы Михримах султан күн менен түн теңелген күнү төрөлгөн. Акылдуу жана чилистен ханбийке ханзаадалар менен тең билим алган, бир канча тилди билген. Ал сулуу, келбеттүү жана бутунун учуна чейин жеткен алтын чачтуу болгон. 17ге чыкканда Михримах апасынын кыстоосуна баш ийип, өзүнөн 22 жаш улуу Рүстөм пашага турмушка чыккан. Михримах менен Рүстөм султанаттын эң бай үй-бүлөлөрүнүн башында туруп, экөөнүн кайрымдуулук иштери эл оозуна алынган. Хүррем каза болгондон кийин 20 жыл бою гаремди башкарып турган. 56 жашында көз жумуп, бир гана Михримахтын сөөгү Сулейман султандын жанына коюлган.
* Мындан 52 жыл мурун, 1963-жылы АКШнын Сан-Франциско шаарындагы эң белгилүү жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер мөөнөтүн өтөгөн Алькатрас түрмөсү жабылган. Түрмөнүн баштапкы орду аскер адамдары отурукташкан жер болгон. 1912-жылы ал жерге чоң түрмө курулуп баштаган. Алькатраста аскерий кылмышкерлер, гангстерлер, өзгөчө кылмышкерлер жана өлүм жазасына чектелгендер камалган. Андыктан тартип өтө катуу болгон. Түрмө жабылгандан кийин бул жай музейге айланган. Бирок эң катаал түрмө катары тарыхта калган.


* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Конгонун Пуэнт-Нуар шаарына жакын жерде "Trans Air Congo" авиакомпаниясына тийиштүү төрт моторлуу Ан-12 учагы кырсыкка кабылып, калктуу пунктка кулап түшкөн. Кырсыкка учактын эки моторунун иштен чыгып калганы себеп болгон. Анда жалпысынан 23 адам каза болгон. Анын ичинде экипаждын 4 адам мүчөсү: Орусиянын жарандары Иван Панин, Николай Курятник (штурман), Леонид Жаворонков (бортмеханик) жана Казакстандын жараны Айтжан Айткалиев (экинчи учкуч) болушкан.
21-мартта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
chyngyz-KG

21.03.2015. 06:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы деле модабы турктордун тарыхы
nurik2103

21.03.2015. 08:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулзат Мамытканова ежебиз калтырбай корот окшойт бул кинону
AykaMer

21.03.2015. 10:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турктордун тарыхы чынында эле даназалуу экен 493 жыл мурун болгон окуялар жана бул тарыхты дуйно жузу таанып бутту киносун коруп... Бизде андай кино тугул андай тарыхтын озу жок,анан эмнесин жазсын?! Ойлонбой эле суйлоп койдунар го отуруп алып...
nurik2103

21.03.2015. 11:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AykaMer, емнеге бизде андай тарых жок, wikipedia га кирип оку кыргызстандын тарыхын, керек болсо убагында азиянын жолборсу болуп турган барс кагандын убагында
st1m_

21.03.2015. 16:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AykaMer, Оз элиндин тарыхы жок деп тамтандабай китепти кобуроок оку. Тарыхы жок эл болчу беле.Турктор согушчул эл болгону менен киносундагыдай маданият тушуно да кирген эмес.Туркторго маданият кечээ кийин эле Ата Турк бийликке келгенде келген.А кыргыздар Кыргыз Каганаты кезинде бут дуйного улгу болгон эл болгон.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.