super.kg logo

Жылнаама, 22-март: Мындан 8 жыл мурун "Жылдыздар фабрикасы-4" долбоорунун катышуучусу, рэп ырчысы Ратмир Шишков каза тапкан

 
* Мындан 10 жыл мурун, 2005-жылы кыргыз өлкөсүндөгү чоң чырдын башын баштаган 2005-жылкы парламенттик шайлоодон тандалган 59 депутат бул күнү Жогорку Кеңештин биринчи жыйынына чогулушкан. Жогорку Кеңештин депутаттары күбөлүк алышып, ант беришкен. Парламент жыйынында саясий абалга байланыштуу кыргыз мамлекетинин калкына кайрылуу, өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүү, жагдайды иликтөө үчүн депутаттык комиссия уюштуруу туурасында токтом кабыл алынган. Парламент жыйынына президент Аскар Акаев катышып, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасаган. Мамлекет башчысы өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүүгө барбай тургандыгын жана "өзгөчө кырдаал киргизилет" деген сөздүн өзү жалган ушак экендигин белгилеген.
 
* Мындан 108 жыл мурун, 1907-жылы таксиметр менен жабдылган биринчи таксилер Лондон шаарынын көчөлөрүндө пайда болгон. Ошентип, жүргүнчүлөр менен айдоочулардын ортосундагы "Канча төлөш керек?" деген түбөлүк талаш техникалык каражат аркылуу чечилген.
* Мындан 8 жыл мурун, 2007-жылы "Жылдыздар фабрикасы-4" долбоорунун катышуучусу, “Банда” тобунун солисти, рэп ырчысы Ратмир Шишков каза тапкан. Ал Мерседес машинасында достору менен келе жатып Фольксваген машинасы менен кагылышууга учураган. Катуу кагылышуудан улам Мерседестин Ратмир отурган тарабындагы бензобагы жарылып, машина толугу менен күйүп кеткен. Кырсык болгондон бир нече убакыт өткөндөн кийин гана каза тапкандардын арасында Ратмир Шишковдун бар экени такталган. 26-март күнү Ратмир Шишковду жакындары келбес сапарга узатышкан. Маркум менен коштошкону “Жылдыздар фабрикасы-4” долбоорунун бардык катышуучулары менен бирге долбоордун продюсери Игорь Крутой да келген. 
* Мындан 5 жыл мурун, 2010-жылы советтик жана орусиялык атактуу ырчы, СССРдин Эмгек сиңирген жана Эл артисти Валентина Толкунова дүйнөдөн кайткан. Валентина Толкунова "Кичинекей станцияда турам", "Күмүш той", "Апа, мени менен сүйлөш", "Кетирекей мурундуу", "Мурда кайда элең?", "Эски сөздөр", "Сүйүктүүм, эгерде согуш болбогондо...", "Ар дайым ыр", "Мен айылдыкмын", "Биз кайыкта сүздүк" жана башка көптөгөн ырлары менен элдин эсинде калган.
22-мартта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: