super.kg logo

"Тамашоунун" 7-сезонунун жарым финалында оюнчулар Омарды үйлөнтүштү

 

Бүгүн, 22-мартта Бишкектеги Спорт Ордосунда “Тамашоу” Лигасынын 7-сезонунун жарым финалы орун алды.

Бул мелдеште “ОШолор”, “Бишкек”, “Тамашарики”, “Олимпик”, “НКБ”, “National”, “Универсал”, “Позитифф”, “Евраш”, “Brooklyn”, “Кыргыз двор”, “Элестет”, “Ассорти”, “IUK”, “Айым стайл” командалары ат салышты. Мыкты даярдыкта келишкен оюнчулар көрүүчүлөрдү күлкү дүйнөсүнө бөлөп, 4,5 саат тамашага сугарышты.

Финалга озуп чыгууну самаган командалар мыкты даярдыкта келишиптир. Алсак, татына кыздардан түзүлгөн “Айым стайл” командасы калыстар тобунун мүчөсү, ырчы Омарды сахнага чагарышып, оюнга аралаштырышты. Ырчы мырза милиция айымга сурак берип жаткан адамдын ролун аткарды. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган айымдын “эч нерсе айтпайсың да, ээ...” деп бир нече жолу Омардын бетинен өөп алганы ырчы үчүн күтүлбөгөн учур болду. Бир маалда үлпөт көйнөгүн кийип чыга келген кызды Омарга турмушка беришти. Залдагылардын “горько” деп кыйкырганына Омар андай нерсе никеден кийин гана болорун айтып ыңгайсыз абалдан чыгып кетти.

Окуучулардан куралган “Тамашарики” командасынын оюну апалары жана бөбөктөрүнүн катышуусунда болду. Алар чоңдордун алдаганын, ата-эне менен балдардын мамилесин тамашага салышты.

“Универсал” менен “Позитифф” командаларынын оюну актёрлук чеберчилиги менен өзгөчөлөндү. Алардын жараткан образдары колдоого алынып жатты. 

Айта кетсек, бул оюнда саясат, мамлекеттердин ортосундагы алака, кыз-жигиттин мамилеси, үй-бүлө темасы тамаша аркылуу чагылдырылды.

Мелдешти сынынан өткөрүп жатышкан инсандар “Ким тапан?” тапшырмасында берилген суроолорго өзүлөрү да жооп берип жатышты. Мисалы, футболчу Азамат Байматовдун “Ты чё такой дерзкий?” дегенине Омар “А ты чё такой сельский?” деген жооп узатты. Мындай жооптон кийин залды каткырык курчады.

Ал эми таймашты алып барган Эрмек Нурбаев да куйкум сөздөрү менен оюнду кооздоп турду. Мелдеш кызыктуу тамашаларга мол болуп, позитивдүү, жагымдуу маанай тартуулады.

Жаш өнөрпоздордун тапкычтыгы жана тапандыгы “Супер-Инфо” гезитинин башкы редактору Дамира Арстанова, Кыргыз Эл артисти Гүлнур Сатылганова, дизайнер Замира Молдошева, ырчылар Омар, Урмат Усенов, футболчу Азамат Байматов, юрист Жоомарт Жолдошев, “No name” командасынын капитаны Мурат Жалиевдин элегинен өттү.

Жыйынтыгында “Универсал”, “Тамашарики”, “Ассорти”, “Позитифф”, “Кыргыз двор”, “Айым стайл” командалары финалга жолдомо алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
23.03.2015. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошолор Командасын Отот деп уверный болдум эле каап? Ийгилик эми баарына?
Модератор ArgenMers түзөттү 2015-03-23 02:08:23
23.03.2015. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ты че такой селский деп Омар жооп узатты тамашоучулар эмес
23.03.2015. 07:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нонейм не катышкан жокбу?
23.03.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patriot...kg,
нонейм бутургон карьераны
23.03.2015. 07:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
No nome karydy go
23.03.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Но нейм 6 сезондо кубокту женип алдыго болдуда неге катышмак эле
23.03.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омарды сүйөмгооо ))))
23.03.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Икрам жүрөтго
23.03.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыргашыптыр да
24.03.2015. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошолор командасы жакшы эле ойноп биринчиликти бербей келейтышты элего эмне болду экен
24.03.2015. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айм стайл тамашари командаларын калыстар колдоп койгон чамасы
24.03.2015. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми универсал позитив кыргыз двор ушул командалар чемпиондукка татыктуу менин оюмча
27.03.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан чыгат видеосу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: