super.kg logo

Бишкектеги бала бакчанын 2-кабатынан кулап кеткен бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

 
Бүгүн, 23-мартта борбордогу Кусейин Көлбаев көчөсүндө жайгашкан №113-"Баластан" бала бакчасынын 2-кабатынын терезесинен кулап кеткен 1 жаш 9 айлык бала №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Шаардык медициналык тез жардамдын балдар клиникалык ооруканасынын ымыркайлар бөлүмүнүн дарылоо боюнча башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова билдирди. 
Маалыматка ылайык, баланы ооруканага белгисиз жарандар алып келишкен. Учурда ага тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Анын абалы оор болгондуктан, ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Айта кетсек, болжол менен мындан 2 саат мурун "Баластан" бала бакчасынын 2-кабатынын терезесинен кичинекей бала кулап кеткен. Окуянын күбөсү Жыпара Сыдыкова баланы көрүп калып, жардамга чакырган. Ал өз сөзүндө "Тез жардам" чакыргыла десем, бала бакчанын кызматкерлери болбой, мени урушуп, кууп чыгышты" деп билдирген болчу. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
23.03.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй ваах! Эмнелер гана болуп жатат? Кудай сактай кор! Эмнеге тез жардам чакыргыла десе урушуп кууп чыгышты экен?
23.03.2015. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии байкуш бала. Азыр абалы кандай болду экен? 2-кабат деген эмне деген шумдук? Айыгып кетсе экен. Ата-энесин абдан жакшы тушунуп жатам
23.03.2015. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздорунун артын ойлогон акмактар,бала ошентип жатса эптеп куткарууну ойлошпойбу!Сыртка чыгарбай бутуруш керек деп ойлошкон го...
23.03.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эне байкушка эле кыйын,иий журогум ооруп кетти бала деген кандай ширин.

Тиги бала баккычтар эшек такалап отуруппу карабай, жоопко тартыш керек эмнеге терезелерин ачык койушат.
23.03.2015. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балам ошо садиктин ошо группасында болчу.апам барып баламы коргучо жаным калсачы.ий азырга чейин муунум калтырап жатат.тарбиячынын озунун баласы ал
23.03.2015. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалдырап отурса керек чай ичип шалаакылык
23.03.2015. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жолдоо отуп бара жатат элем бакчанын жанынан карасам бир бала экинчи кабаттан тушуп кетиптир балекет каш кабактын астыда деп ушуну айтса керек? Дароо кабар берип тез жардам чакыралы десем тез жардам качан келет андан коро озубубуз больницага алып баралы деп салып кетишти!азыркы кез тили чыга элек балада айтсан бизден Жакшы тушунот.ошондуктан Бул Жакшы Бул жаман деп айтып тушундуруу керек!орууну.Берген кудай шыпаасында берсин!-деп койсо болмок куно бакчада иштеген-де эмес айтайын тушсун демекбеле
23.03.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба кылдым 1жаш 9айлык бала ашып кеткидей кандай айнек болду экен?!эмне ушунчада пас жайгашканбы тан калыштуу. Же бала аябай шок болсо керек да.эмнеси болсода жакшы болуп кетсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: