super.kg logo

Кыргыз поэзиясынын таң чолпону Алыкул Осмоновду эскерүүгө катышкандар акындын үй-музейинде болушту

 
Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында "Ала-Арча" көрүстөнүндө улуу акынды эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

"Алыкул" коомдук фонду тарабынан демилгеленип, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен өткөрүлгөн бул иш-чарага министр А.Максүтов, акындар, коомдук ишмерлер, окуучулар, студенттер катышты.

Куран окулгандан кийин акындын ар мезгилде жазылган ырлары көркөм окулуп, 100 жылдыкты белгилөө иш-чаралары тууралуу айтылды. "Ала-Арчадан" кийин Алыкулдун Бишкектин Сокулук көчөсүндө жайгашкан үй-музейи менен таанышуу болду. Үй-музейде акындын сүрөттөрү, замандаштарынын кол жазмалары, ырлары, китептери, Алыкулга арналган эмгектер коюлган. 

Фонддун жетекчиси, жазуучу Памирбек Казыбаевдин айтымында, кыргыз адабиятынын, кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы Алыкул Осмоновдун өмүрү жана чыгармачылыгын тереңден изилдөө иштери алдыда. Акындын "сөөгүм көл жээгине коюлса" деген осуяты аткарылбаса да, көл жээгине айкелин орнотуу, чыгармаларын кайрадан басып чыгаруу, орус тилине которулган чыгармаларын кайрадан карап чыгуу маселелери актуалдуу экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
24.03.2015. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазда башка...
жел тийбесин,абайла,
копко турбас мобул турган сур булут.
Суугунду оз мойнума алайын,
сен ооруба,мен ооруйун Ата-журт!...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: