Бишкектик иллюзионисттер Швейцарияда таланттарын көрсөтүп, калыстардын сүймөнчүлүгүнө ээ болушту










Иллюзионисттер Радислав Сафин жана Ольга Крамер Швейцариянын "Таланттар шоусу" долбооруна катышып, калыстардын сүймөнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта маалымат жыйын учурунда белгилүү болду.
Автор: Наргиза Бекжанова
Фото: Наргиза Бекжанова
Радислав Сафиндин айтымында, алар кыргыз элинин улуттук кийимдерин чагылдырган номер көрсөтүшкөн. "Биздин иллюзиялык номер 3 мүнөткө созулду, ушул убакыт ичинде менин кесиптешим Ольга Крамер улуттук колориттеги 10 кийим көрсөтүүгө жетишти. Мындай фокусту көргөн калыстар "кыргыз жергесине барып келгендей эле болдук" дешти.
Айта кетсек, биздин фокуска керектүү шаймандарыбыз эле 52 килограммды түздү. Андан тышкары кийим-кечектерибиз менен кыйын болду. Ага карабай жарым чейрек финалга өттүк. Бул сынакка Орто Азиядан биздин топ гана катышты. Өзүбүздүн каражатка барып келдик",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Bektur2

25.03.2015. 11:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Игилик калайм онорунор оркундой берсин
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.