Бишкектеги жол кырсыгында 5 адам жабыркады
Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 5 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 24-мартта болгон. Анда Лексус-RX-300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Тойота Рактис үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Натыйжада оор соккудан улам унаа жолдо бараткан велосипедчен адамды да сүзгөн. Жол кырсыгынан 5 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.