super.kg logo

Бүгүн Ошто өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун алдын алуу талкууланат

 
Ош шаарындагы Панфилов атындагы №23-мектептин жыйындар залында бүгүн, 26-мартта өспүрүмдөргө карата болгон зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага карата көрүлгөн иш-чаралар талкууланат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага Ош шаарынын вице-мэри Ильичбек Эргешов, Шаардык ички иштер башкармалыгынын, Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери, шаар казысы, мектеп директорлору жана ата-энелер комитеттеринин төрагалары катышышат.
Жыйында билим берүү мекемелериндеги балдардын таалим-тарбиясынын калыптануусундагы аткарылып жаткан иштер, мугалим менен ата-энелердин кызматташтыгын күчөтүүнүн жолдору, учурдагы жашы жете элек балдардын арасындагы кылмыштуулук, балдарга карата болуп жаткан зордук-зомбулуктар каралат. 
Ошондой эле өспүрүмдөрдү адеп-ахлакка тарбиялоодогу дин таануу сабагынын ролу жана балдардын акыл-эсинин калыптануусундагы ата-энелердин тийгизген таасирлери талкууга алынат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: