Жылнаама, 28-март: Мындан 43 жыл мурун ырчы, КРнын Эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев туулган

Актан Исабаев белгилүү "Элес" тобуна экинчи өмүр бергендердин катарында. Ал убакта "Асел", "Ты мне нужна" аттуу хит ырларды жаратышкан. 1999-жылдан кийин жеке чыгармачылыкка өтүп, "Ыр майрам", "Энекем", "Сүйөм сени", "Сагыныч" сыяктуу ырлары чыккан.
* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы "Супер-Инфо" гезитинин расмий сайты ишке кирген. www.super.kg порталынын жаралуу тарыхы 2005-жылдарга барып такалат. Анткени анын жаратуучусу, "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов окурмандар менен байланышты жакшыртуу, кыргызстандыктарды гана эмес, чет жерде жүргөн мекендештерибизди да өлкөбүздөгү жаңылыктар, кызыктуу маалыматтар менен кабардар кылууну көздөп көпкө ойлонот. Акыры кыргызча сайт ачууну максат кылат да, бул оюн бир жылдан ашык бапестеп багып жүрүп, 2006-жылдын 28-мартында ишке ашырган.
* Мындан 36 жыл мурун, 1979-жылы АКШнын Пенсильвания штатында жайгашкан Три-Майл-Айленд АЭСинде авария болгон. Уулуу газдар абага таркап, станциянын аймагы радиоактивдүү суу менен булганган. Бул кырсык өзөктүү энергетиканын тарыхындагы Чернобыль АЭСиндеги авариядан кийинки эң ириси деп эсептелет.
* Мындан 29 жыл мурун, 1986-жылы америкалык ырчы, музыкант, обончу “Грэмми” сыйлыгынын 5 жолку ээси Леди Гага АКШнын Йонкерс шаарында туулган. Ырчынын толук аты-жөнү - Стефани Жоанн Анжелина Жерманотта. Анжелинанын музыкага болгон сүйүүсү кичинекей кезинде эле байкалган. Мектепти аяктап, Нью-Йорк шаарындагы Нью-Йорк университетинин искусство бөлүмүнө тапшырган.



Леди Гага 2006-жылы Фьюзари Роби аттуу продюсер менен таанышып, чогуу иштеше баштаган. Роби Анжелинага сахнага өз ысымы менен эмес, Леди Гага деген лакап ат менен чыгууну сунуштаган. 2008-жылы сары чачтуу саркеч кыздын талантын, өзгөчө стилин Голливуддун супер жылдыздары Ферги, Бритни Спирс, Мадонна сыяктуу ырчылар баалап, ыр жазып берүүнү өтүнүшөт. Гага мындан, албетте, баш тарткан эмес. Ошентип, Леди Гага атактуулукка жетип, “Just Dance“ (“Жөн эле бийле”), “Poker Face“ (“Таанылгыс жүз“) сыяктуу көптөгөн хит ырларды жараткан.
28-мартта кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
jiku_83

27.03.2015. 23:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
28-мартта туулгандар таланттуу болот негизи)))
datka83

28.03.2015. 00:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актан Исабаевге чыгармачылык ийгилик каалайм.Мага Энекем аттуу ыры абдан жагат.
aitenir

28.03.2015. 06:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канчалаган талантуу ырчылар отуп кетти,сыйлык албай
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.