Жылнаама, 1-апрель: Мындан 39 жыл мурун "Apple Computer" компаниясы негизделген

2002-жылдын 1-ноябрь күнү өзү кумык болсо да, кыргыз туусун дүйнөлүк ири мелдештерде даңазалап жүргөн кикбоксчу Али Порсуков өлтүрүлгөн.
* Мындан 18 жыл мурун, 1997-жылы "Курманжан датка" тасмасында Курманжандын иниси Акбалбандын кичинекей кезин ойногон актёр Айбек Көкеев Бишкек шаарында туулган. Алгач Бишкектеги №1-гимназияда окуп, кийин Кыргыз эл аралык университетинин колледжине тапшырган. "Курманжан датка" тасмасына 15 жашында тартылган.



* Мындан 39 жыл мурун, 1976-жылы америкалык Стив Жобс өнөктөшү Стив Возняк менен бирге "Apple Computer" компаниясын негиздеген. Аракетчил 15 жаштагы Стив Жобс Стив Возняк менен биргеликте 1970-жылдардын ортосунда “MOS Technology 6502” үлгүсүндөгү алгачкы компьютерин иштеп чыккан. Тун товарынын жүзгө жакынын сатууга жетишип, чакан каражат топтой алышат. Ошентип, 1976-жылы алардын ишканасы каттоодон өтөт. Ишкананын “Аpple” деген аталышы англис тилинен которгондо кадимки эле биз жеп жүргөн "алма" дегенди билдирет. 2007-жылга чейин, 30 жыл бою компания “Apple Computer” деп аталып келген. Андан кийин ишкана компьютерден башка да техника каражаттарын чыгара баштагандыктан, “сomputer” деген сөз алынып салынган. Компаниянын мындай аталып калышын алар "чыгарган товарларыбыз экологиялык жактан таза экендигинде" деп түшүндүрүшөт.

* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы МТВ телеканалы кыргыз жеринде көрсөтүүсүн токтоткон. МТВ каналы 2001-жылдан бери “Европа” медиатобу тарабынан түз алынып көрсөтүлгөн. Мындай кадамга өлкөдөгү саясий туруксуздук жана калктын менталитети себеп болгонун каналдын жетекчилиги айтып чыккан. Муну менен катар аталган телеканал бир нече кабелдик телекөрсөтүүлөрдө да өз чагылдыруусун токтоткон.
1-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.