super.kg logo

Жылнаама, 4-апрель: Мындан 42 жыл мурун Нью-Йоркто Бүткүл дүйнөлүк соода борбору - эгиз мунаранын ачылышы болгон

 
* Мындан 78 жыл мурун, 1937-жылы белгилүү коомдук-саясий ишмер Жусуп Абдрахманов камакка алынган. Анын күндөлүгүндөгү жазууга караганда, Ж.Абдрахманов НКВДнын Оренбург башкармалыгы тарабынан камакка алынып, ага "контрреволюциячыл троцкисттик уюмда турат" деген күнөө коюлган. Суракка алган тергөөчү Ж.Абдрахмановду ур-токмокко алып, кыйноо жолу менен андан каалаган көрсөтмөнү чыгарууну көздөгөн. Жусуп Абдрахманов НКВДнын кыйноосуна карабастан, кол коюудан жана сурак протоколунан баш тарткан. Акыры ал жалган жалаа менен атылып кеткен.
 
* Мындан 83 жыл мурун, 1932-жылы америкалык биохимик Чарльз Глен Кинг биринчи жолу С витаминин (аскорбин кислотасын) бөлүп чыккан. С витамини кан айлануу, кыймыл-аракет аппаратын жакшыртып, кан тамырларды бекемдейт, инфекциядан коргоочу таасирге ээ. Анын жетишсиздиги цинга оорусуна алып келип, мурундан кан агып, тиш түшөт, кесилген же жара болгон жерлердин айыгуусу узакка созулат. С витамининин негизги булактары: жашылча-жемиштер, ит мурун, цитрус жемиштери, кара карагат, таттуу калемпир, киви жана башкалар.
* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы АКШнын Нью-Йорк шаарында Бүткүл дүйнөлүк соода борборунун ачылышы болгон. Манхэттенде Эмпайр-стейт-билдинг (Empire State Building) курулганча, Дүйнөлүк соода борборунун эгиз мунарасы Нью-Йорктогу эң бийик имарат болгон. Анын 110 кабаттуу түндүк мунарасы 417 метрди түзүп, төбөсүндөгү антеннасы менен 526,3 метр болгон. Ал эми түштүк мунарасы 415 метрди түзгөн. 
2001-жылдын 11-сентябрында террорчулар басып алган эки жүргүнчү учак кош мунараны сүзүп кыйратканда 2800дөй адам набыт болгон.
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы Түштүк Вьетнамдын Сайгон шаарына жакын жерде вьетнамдык кароосуз калган балдарды алып бараткан америкалык аскердик жүк ташуучу С-5 Гэлэкси учагы кырсыкка кабылган. 172 киши (көпчүлүгү балдар) каза болгон.
4-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: