ЭЛДИК КАБАР: Жалал-Абадда кафеде тамактан 3 сантиметр келген курт чыкты




Кечээ, 4-апрелде Жалал-Абад шаарындагы "Байруха" кафесинде тамактан 3 сантиметр келген курт чыкты. Мындай маалыматты бүгүн, 5-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына байланышкан окурман кабарлап, тамактануу жайынын кызматкерлерине нааразычылыгын билдирди.
Автор: Максат Кудайбердиев
Анын айтымында, курт лагман жеп отурган тургундун тамагынан чыккан. "Бул окуяга өзүм күбө болдум. Эшек этинен кийин курт жей баштадыкпы?!"- дейт окурман. Ал шаарда коомдук жайларда санитардык абалды көзөмөлдөгөн мекемелер иштебей жатканын, бул окуядан кийин кафенин администрациясы тоготпогон түр менен "эми кайталанбайт, кечириңиздер..." деп айтканына нааразы экенин жашырган жок.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:30
2025-05-20

18:9
2024-12-02

15:12
2024-11-11

11:40
2024-10-01
12:43
2024-09-28

14:33
2024-09-24

Рейтинг:
-1

Лагмандын суусун куйганда деле билинетко
Курт көбүнчө чөп-чарларда болот да, салат жалбырагында, укроп, петрушкада, капустада. Ун, күрүч да курттап кетет, туура эмес сакталса, ошонун баарын элеп, күрүчтү карайт дейсиңерби... Ошон үчүн мен тамакты аябай тандайм, карайм, мен үчүн бул өзүнчө эле чооооң маселе болуп калды...
Жакшылап ойлоп караганда
1)Азыр кайдагы 3см курт
2)Ошончо кайнап бышкан курт эч нерсе болбогондой
Подстава да болушу мумкун
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.