super.kg logo

Жылнаама, 7-апрель: Мындан 61 жыл мурун кытайлык жана америкалык актёр, продюсер Жеки Чан туулган

 
* Мындан 78 жыл мурун, 1937-жылы төкмө акын, дастанчы, комузчу Тууганбай Абдиев Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Ичке-Сай айылында туулган. Ал Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (1986-ж.), Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1993-ж.), ошондой эле төкмө акындардын "Ак таңдай-1993", "Манас-1000" эл аралык айтыштарынын, "Курманбек-500" дастанчылардын сынагынын жеңүүчүсү болгон. 
Тууганбай Абдиев узакка созулган оорунун айынан 2008-жылы 1-декабрда Бишкек шаарында каза болгон. Кыргыз Эл артисти Тууганбай Абдиевди акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 3-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өткөн. Залкар төкмөнүн сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
 
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы бүт өмүрүн театрга арнаган залкар талант, КРнын Эл артисти Бакирдин Алиев 81 жаш курагында дүйнө салган. Акыркы жылдары Бакирдин Алиевдин ден соолугу начарлап, эки көзү көрбөй, үйүнөн өз алдынча чыга албай калган. Бакирдин Алиев кыргыз кереметтери болгон "Уркуя", "Мен - Тянь-Шань", "Караш-караш окуясы", "Эски тегирмен" тасмаларына, "Чиркин өмүр" телесериалына тартылып, ошондой эле театрда жүздөн ашуун роль жараткан. 
* Мындан 61 жыл мурун, 1954-жылы актёр, продюсер Жеки Чан Кытайдын Гонконг административдик районунда туулган. Жекини апасы 12 ай көтөргөн соң гана операция жолу менен араң төрөгөн. Ошентип, 5 килограмм 400 грамм салмактагы бала жарык дүйнөгө келген. 
Жеки Чандын төрөлгөндө коюлган аты – Конг Санг Чан, которгондо “Гонконгдо төрөлгөн” деген маанини берет. Кичинесинен кунг-фу искусствосуна кызыгып, тасмадагы карьерасын 8 жашында каскадёр катары баштаган. Жеки – боевиктердин атактуу каарманы. Ал – акробатикалык-согуштук стиль менен комедиялык жанрды айкалыштырган атактуу азиялык актёр.
7-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
06.04.2015. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеки Чан кытайдан болот го я?
06.04.2015. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
buiga, оа кытайдан
07.04.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
buiga, оваа, Кытайдан да. Бирок АКШнын жарандыгын да алган. Ошол себептен кытайлык, америкалык деп айтылат эмеспи.
06.04.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунун менен джеки чан
06.04.2015. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Джеки чан да каарып калган турбайбы 61ге чыгып. Жалан он каарманда ойнойт, терс каарманда ойногон киносу барбы озу
07.04.2015. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууганбай Абдиев Токтогулдан экен да ээ??? )
07.04.2015. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атактуу артистерибиздин копчулугу эле Токтогулдан болот,азамат Токтогул районубуз менен сыймыктанабыз да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: