Жылнаама, 8-апрель: Мындан 2 жыл мурун Улуу Британиянын "темир айым" атыккан айтылуу экс-премьер-министри Маргарет Тэтчер каза болгон


Надежда Румянцева 1930-жылы 9-сентябрда Москвага жакын Жаворонки деген айылда туулган. Жердигинен уламбы же ичке үнүн жана шамдагайлыгын ушул чымчыктыкына окшоштуруппу, актрисаны баары “Жаворонок” деп тамашалап аташкан. Кичинекей Надюша мектепте эле “артистка” деген атка конгон. Мектепти алтын медаль менен аяктап, Москвадагы Борбордук балдар театрына сынакка катышууну чечип, өтүп кеткен.
Эң алгачкы жолу көрүүчүлөр Надежда Румянцева деген ысымды 1952-жылы “Жашоого бет ала...” деген фильмден угушкан. 1957-жылы Оскар Уайльддын “Жылдыз бала” жомогунда эркек баланын ролун аткарганы да көрүүчүлөргө жаңылык эле. Ошондон баштап таланттуу актрисанын фильмографиясы жыл сайын бир фильм менен толуктала баштаган. Чыныгы популярдуулук актрисага “Кыздар” кинокомедиясынан кийин келген. Ийгилик тепкичинин кийинки кадамына Румянцева “Бензоколонка ханышасы” деген фильми менен көтөрүлгөн.


Советтер Союзунун кулашына чоң салым кошкон саясатчы катары таанымал Маргарет Робертс Англиянын Грантем шаарчасында 1925-жылдын 13-октябрында кедей үй-бүлөдө туулган. Жаш курагына карабай кичинекей Маргарет үйдөгү саясий талкууларга активдүү катышкан. Жаш кезинде аны мода, жигиттер кызыктырган эмес. Өзүнүн чөйрөсүндө бир гана саясат жөнүндө сүйлөп, тартышчу. Болочоктогу өкмөт башчы Оксфорддун химия факультетине тапшырат. Студенттик жылдарында Консерванттар ассоциациясына мүчө болот. Окууну бүткөн жаш химиктин жан дүйнөсүнө желим чыгаруучу фирмада иштөө туура келбейт. Студент кезде эле партиянын активдүү мүчөсү болгондуктан, 1948-жылы партиянын атынан өнүкпөгөн округдан талапкерлигин коёт. Тэтчер британиялык өкмөттү 1979-1990-жылдардын аралыгында башкарып, бул өлкөнүн тарыхында өкмөт башына келген биринчи аял болуп калган.
8-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.