Криштиану Роналду “Реалдын” курамында 300-голун киргизди

Мадриддик “Реал” футболдук клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду кечээ, 8-апрелде Испания чемпиондугунда “Райо Вальекано” менен беттеште эсепти ачты (оюн 2:0 эсебинде аяктады). Муну менен футболчу аталган клубдун курамында киргизген голдорунун санын 300гө жеткирди.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, Криштиану 300 голдун 214үн Испания чемпиондугунда, 60 голду УЕФАнын Чемпиондор Лигасында, 21 голду Испаниянын Кубогунда, 3 голду Испаниянын Суперкубогунда жана 2 голду УЕФАнын Суперкубогунда киргизген. Клубдун курамында Роналду болгону 288 оюн өткөргөн.
К.Роналду аталган клубдун тарыхында эң көп гол киргизген футболчулардын катарында 3-орунда турат. Бул көрсөткүч боюнча анын ысымы Рауль (323 гол) жана Альфредо Ди Стефанодон (307 гол) кийинки орунда жайгашкан. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Nur45

09.04.2015. 12:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оххо. Менен кумер туткан фудболчум да. Ойногондору жагат!
bibi87

09.04.2015. 20:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7голдон ашырса, Ди Стефанодон ашат го..Ийгилик!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.