super.kg logo

Жылнаама, 11-апрель: Мындан 7 жыл мурун Жогорку Кеңеш тийиштүү келишимдин долбоорун ратификациялап, Каркыра жайлоосу Казакстанга өткөн

 
* Мындан 27 жыл мурун, 1988-жылы "тамашоучу" Азамат Исмаилов Нарын шаарында туулган. 6-класстан тартып Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы мектепте, андан кийин училищеде окуган. Кийин Көркөм сүрөт академиясын бүтүргөн. "Тамашоу" долбооруна алгач "Жигиттер" командасы менен келип, кийин "Тамадалар" командасы менен оюн көргөзө баштаган. Азамат Исмаилов "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "2010-жылдын супер күлкү жаратуучусу" деп табылган. Ал телеалпаруучу катары да эл көзүнө көрүнүп, андан сырткары жарнамалык түрмөк, ырчылардын клиптерине, комедиялык тасмаларга тартылган.
 
* Мындан 23 жыл мурун, 1992-жылы "Супер сулуу-2010" сынагынын жеңүүчүсү Бурул Бактыбек кызы Жалал-Абад шаарында туулган. Бурул Бактыбек кызынын теги Таластан, бирок Жалал-Абад шаарында чоңоюп, 2-класска чейин ал жакта окуп, андан соң үй-бүлөсү Бишкекке көчүп келген. Бурулдун кесиби - экономист. Ал "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюштурулган "Супер сулуу" сынагын жеңип, Таиландда эс алып келген.
* Мындан 7 жыл мурун, 2008-жылы ЖК көпчүлүк добуш менен кыргыз-казак мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимдин долбоорун ратификациялаган. Ошентип, Ысык-Көлдөгү 4 пансионат жана чек арадагы айрым тилкелер, анын ичинен айтылуу Каркыра жайлоосу Казакстанга өткөрүлүп берилген. Аны 59 депутат колдосо, 17си каршы добуш берген.
* Мындан 260 жыл мурун, 1755-жылы англиялык врач Жеймс Паркинсон Лондондо туулган. Өзү оорулуу экенине карабай, ооругандагы абалын ийне-жибине чейин кагаз бетине түшүрө берип, 1817-жылы анысынан "Калтыратма шал оорусу тууралуу эсселер" деген эмгек жаралган. Ошентип, ооруга анын аты коюлуп калган. 
Паркинсон - борбордук нерв системине байланышкан мээ оорусу. Эл арасында бул ооруну калтырак паралич же шал деп айтышат. Бул дартка чалдыккан белгилүү адамдар жөнүндө кеп кыла турган болсок, бокс боюнча Дүйнө чемпиону, уламышка айланган Мухаммед Али Паркинсон оорусунун оор түрү менен ооруган. Адатта, бул оору адамдарга улгайган курагында келсе, Али 40 жашка чыга элегинде кабылган. Ага дарыгерлер 1984-жылы эле ушул диагнозду коюшкан. Мухаммед Али дарыгерлер диагноз койгондон кийин дагы 2 жолу профессионалдык беттеш өткөрүүгө жетишкен. Бирок экөөндө тең жеңилип, чоң спортту таштоого аргасыз болгон. 
11-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
10.04.2015. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тангору Бакийдын небереси ушул жердида сатып тынгансында!
10.04.2015. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алматы облусуна караштуу Каркыра жайлоосун биздин Суусамырга окшоштуруп тим болчумун...Каркыра жайлоосунун кадырына жетпей казактарга кармата бергендери окунучтууу..
11.04.2015. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин бийликтегилер сатса озу жесе болду баткенде да канчалаган жерлерибизди сатып ийген тажиктерге
11.04.2015. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бироо катуурак жел чыгарып койсо дагы Бакиев болуп калды акыркы убактарда...
11.04.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
basyz-kaman, Бакиев бергенда казактарга 4 пансионатты кычыраган анан каркыра жайлоосун, 49 жылга арендага деп болбогон акчакга берген, ал сатылды деген эле кеп. Казактар кайра сатабыз десе биз кайра сатып алабыз деген келишим менен.
11.04.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Каркыра жалоосу казактарга отуп кеткени аябай окунучтуу. Казактар сунуштаган ,акылы жок депуттатар мамлекеттин келечегин ойлонбостон бираз тыйынга алданып колдогон. Азыркы бийликтин жургузгон саясаты бойдон кете турган болсок,дагы коп кыйынчылык жоготуулар болот го.
11.04.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман ичим ачышат Каркыра жайлоосу сатылып кеткенине кайра алабайбыз го каап.
11.04.2015. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каркыраны казактарга саткандардын бала чакасын уй булоосун 7 тукумуна чейин кыргыз элинин кусуру урсун каргышы тийсин убалы силерди уктатпасын ата бабаларыбыздын арбагы урсун силерди оомин
11.04.2015. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон атам улуу Каркыра деген жайлоо бар тарыхта калган деп 1-чебересинин атын Каркыра деп койгон эле.Бирок ал жайлоо казактыкы болуп калганын билбеди.Зээни кейимек.
11.04.2015. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кокотойдун ашы ушул Каркырада отуп,калмактар каптап кеткенде Хан Манас озу сактап калган экен. Бабабыз Манас озу барктаган Каркыранын баркын билбеген, акча десе апасын сатып жиберуудон кайра тартпаган Бакиевдин укум тукумуна наалат.Манас бабабыздын арбагы урсун ушул айбандарды. Мунун ичинде макулдук берген ошол кездин депутаттары да бар. Ылайым эки дуйнодо тен кор болуп журуп отушсун,касиеттуу Каркыра урсун ушул макулуктарды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: