Жылнаама, 14-апрель: Мындан 6 жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаты Санжар Кадыралиевди атып кетишкен


Аида Салянова 1972-жылы 6-августта Нарын шаарында төрөлгөн. Жогорку юридикалык билими бар, 1991-жылы Фрунзе соода техникумун, 1996-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган. Юридикалык илимдердин кандидаты, доцент, юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Эмгек жолун 1992-жылы Бишкек коммерциялык колледжинде окутуучулуктан баштаган. 1996-жылы Чүй университетинде сабак берип, 1997-жылы Жогорку Кеңеште эксперт катары иштеген. Андан кийин ЖКда бөлүм башчы, Юстиция министрлигинде статс-катчы, 2010-жылы юстиция министри болуп эмгектенген. 2010-жылы президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп, 2011-жылы 31-мартта КРнын Башкы прокурору Кубатбек Байболов кызматынан бошотулуп, ордуна башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп Аида Салянова дайындалган. Ал эми 2011-жылдын 14-апрелинен тартып КРнын Башкы прокурору кызматында иштеп келген. 2015-жылдын 19-январында анын кызматтан кетүүгө арыз жазганы расмий жарыяланып, 21-январда Жогорку Кеңеш аны кызматтан бошотууга макулдук берген. Ал эми 2015-жылдын 22-январында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Аида Салянова ээлеген кызматынан бошотулган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы "Боко Харам" тобунун мүчөлөрү Нигериянын түндүгүндөгү Борно провинциясындагы Чибок кыштагында 12-15 жаштагы 276 кызды эки жүк ташуучу машинага жүктөп уурдап кетишкен.
14-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.