super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча өлкө чемпиондугунун 1-турунда “Дордой” үйүндө “Кейжи Юнайтед” командасын 6:1 эсебинде утуп алды

 
"Дордойдун" лидерлеринин бири Мирлан Мурзаев (№23) атаандашын жазгырып өтүү аракетин көрүүдө.
Мелдеш 13-апрелде расмий түрдө старт алды. 1-тур оюнунда "Дордой" өз үйүндө ойноду.
Мелдеш 13-апрелде расмий түрдө старт алды. 1-тур оюнунда "Дордой" өз үйүндө ойноду.
Мелдеш 13-апрелде расмий түрдө старт алды. 1-тур оюнунда "Дордой" өз үйүндө ойноду.
"Дордой" футболдук клубунун оюнчулары
"Кейжи Юнайтед" командасынын башкы курамы
"Дордойдун" чабуулду токтотуудагы мыкты оюнчуларынын бири Даниэл Тэго
Оюндун жүрүшүнөн...
Оюндун жүрүшүндө атаандашы менен топ талаша келгенде бутун кокустатып алган Мирлан Мурзаев бир аз отуруп, анан майданга чыкты.
"Дордойдун" жарым коргоочусу Ислам Шамшиев (№11) кезектеги чабуулду уюштуруу аракетин көрүп жатат.
"Дордойдун" чабуулду токтотуудагы мыкты оюнчуларынын бири Даниэл Тэго
Оюндун жүрүшүнөн...
Мирлан Мурзаев оюн эсебин ачып, команданы 1:0 эсебинде алдыга алып чыкты.
"Кейжи Юнайтед" командасы каршы чабуулда ойноп жатты.
Борбордук коргоочу, 7 голдун бирин киргизген Курсанбек Шератов (топ менен) кезектеги чабуулду уюштуруу аракетин көрүп жатат.
Оюндун жүрүшүнөн
Биринчи таймда "Дордойдун" чабуулун сол капталда мыкты кубаттап, натыйжалуу пастарды берген Элхан Темирбаев
Оюндун жүрүшүнөн
Оюндун жүрүшүнөн
"Кейжи Юнайтеддин" оюнчулары топту кайрадан өз майданынан алыс берүү аракетинде...
Экинчи таймда майданга чыгып, 2 голду өз эсебине жазган Калимулла (№9)
Экинчи таймда майданга чыгып, 2 голду өз эсебине жазган Калимулла (№9)

Бүгүн, 13-апрелде футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лига расмий түрдө старт алды. Мелдештин 1-турунда бишкектик “Дордой” командасы өз үйүндө “Кейжи Юнайтед” командасын 6:1 эсебинде утуп алды. “Дордойго” 3 упай алып келген голдорду Мирлан Мурзаев (16-мүнөттө), Алмазбек Мирзалиев (23-мүнөттө), Азиз Сыдыков (32-мүнөттө), Курсанбек Шератов (39-мүнөттө), Калимулла (75-мүнөттө, 86-мүнөттө) киргизди. Ал эми коноктордун курамынан Жаныбек Жанарбек уулу (42-мүнөттө) айырмаланды.

Оюндун басымдуу бөлүгү майдандын борбордук бөлүгүндө жана “Кейжи Юнайтеддин” дарбазасына жакын аймактарда өттү. Коноктор демилгени колго алган “дордойчулардын” чабуулун орто жолдо токтотуп, каршы чабуул уюштуруп жатышты. Ал эми “Кейжи Юнайтеддин” борбордук коргонуусун жарып өтө албаган “Дордойдун” оюнчулары топту капталдан көкөлөтө көтөрүү менен гол киргизүү аракетин көрүп жатышты. Жыйынтыгында “Кейжи Юнайтеддин” оюнчулары бурчтан чыгарууда гол жаратышты. “Дордойдун” оюнчулары сол капталдан көтөрүлгөн 3 топту, оң капталдан көтөрүлгөн 1 топту дарбазага таамай багыттай алышты. Дагы бир голду Азиз Сыдыков дарбазанын маңдайынан алыскы бурчка таамай тепти.

Өткөн аптада “Дордой” өз үйүндө “Ала-Тоо” клубун утканын эске алсак, бишкектик клубдун карамагында 6 упай болду жана мелдеште лидерлик сапка көтөрүлдү.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
13.04.2015. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Охоо куттуктайм. Кудай жалгап Азияны женгилечи
13.04.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автор сиздерден сураныч.... Жаныбек Жанарбек уулу оюнчунун туура аты-жону Жанарбек Жаныбек уулу кылып озгортуп коюунуздарды суранабыз...
14.04.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gukuw, саламатсызбы!
Маалымат федерациядан алынган. Тактап, эгер катачылык кеткен болсо түзөтүп койгонго аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: