super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Өлкөнүн түштүк аймагында эрте себилген өсүмдүктөр чыгып калды (фото)

 
Кадамжай районунда бул картошкалар март айынын соңунда жааган кардан мурун себилген.
Аксы районунда дарбыздар да жазгы кардын алдында калган болчу.
Март айынын аягында жааган кар дарбыздардын өсүүсүнө терс таасирин тийгизген жок.
Өлкөнүн түштүк аймагында эрте себилген өсүмдүктөр чыгып калды. Бул тууралуу Куштарбек аттуу окурман бүгүн, 14-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Окурмандын билдиришинче, Аксы районунун Кызыл-Жар айылында себилген дарбыздар чыгып, учурда 25 сантиметрдей өсүп калды. 
Дагы бир окурман Баткен облусунун Кадамжай районунда эрте эгилген картошкалардын сабагы 15-20 сантиметрге жетип калганын билдирди. 

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: