ӨКМ: "Кыргызстанда 3 суткада 34 өрт кырсыгы катталды"
Өткөн 3 сутка ичинде Кыргызстанда 34 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнин өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдирди.
15-февралда 8 өрт кырсыгы катталды: Бишкек шаарында 3, Ош облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3. Бул күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Казарман айылындагы “Перизат” бала бакчасынан өрт чыккан. Кырсыктан жабыркагандар жок. Ал эми 16-февралда өлкөдө 14 өрт кырсыгы катталды: Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Талас облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 3, Баткен облусунда 1.
17-февралда Кыргызстан боюнча 12 өрт кырсыгы болду: Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1 жана Ош шаарында 2. Жабыр тарткандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.