Бишкекте 1 доллар 57 сомго түштү



Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу кескин төмөндөп, 1 долларды сатып алуу 57 сомго, сатуу 60 сом 10 тыйынга түштү (17-апрель, саат 12:08ге карата). Айрым жайларда 1 долларды сатып алуу 58 сом 9 тыйын, сатуу 60 сом 5 тыйындын тегерегинде болуп жатат. Бүгүн, 17-апрелде эртең менен (10:45те) сатып алуу 60 сом 3 тыйын болсо, сатуу 60 сом 40 тыйынга түшкөн. Ал эми 16-апрелде 1 долларды сатып алуу 62 сом 50 тыйынга, сатуу 63 сомго түшкөн эле.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Фото: Максат Кудайбердиев
Экономист-эксперт Мейманбек Абдылдаев SUPER.KG порталына доллар курсунун төмөндөшү 15-майга чейин уланарын айтты. "АКШ валютасынын наркынын төмөндөп жатышы убактылуу көрүнүш, ушул нормада сакталып турушуна эч ким кепилдик бере албайт. Себеби өлкөдө жумушсуздуктун күч алышы, алтындын наркынын түшүп жатышы доллардын курсунун төмөндөшүнө алып келүүдө. Курс кайра көтөрүлөт",- деди Абдылдаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:22
2025-07-11

10:27
2025-07-11
Рейтинг:
3

россиядагылар иштеген акчасын актасын