ЭЛДИК КАБАР: Орусияда кыргыз жараны Маматжан уулу Мухамбет 1 айдан бери дайынсыз болууда

Орусиянын Москва шаарында 23 жаштагы кыргыз жараны Маматжан уулу Мухамбет дайынсыз болууда. Бул тууралуу өзүн "Мухамбеттин инисимин" деп тааныштырган Муктар 17-апрелде WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, Мухамбет 18-мартта үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. "Бир айдан бери дайынсыз болууда, кайда жүргөнүн эч кимге айткан эмес. Шаардагы достору да кошо издеп жатышат. Документтери жана керектүү буюмдарынын баары үйдө калган",- дейт иниси Муктар.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:30
2025-05-20

18:9
2024-12-02

15:12
2024-11-11

11:40
2024-10-01
12:43
2024-09-28

14:33
2024-09-24

Рейтинг:
0

Аман болсун
Тируу табылып калсын эми!