super.kg logo

Жылнаама, 18-апрель: Мындан 46 жыл мурун Ош шаарынын экс-мэри Мелисбек Мырзакматов туулган

 
* Мындан 46 жыл мурун, 1969-жылы Ош шаарынын экс-мэри Мелисбек Мырзакматов Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айылында туулган. 1989-жылы ОшТУга экономист-менеджер адистигине ээ болуу үчүн тапшырып, аны 1998-жылы аяктаган. Мелисбек Мырзакматов 1993-жылы Ош ОИИБинин инспектору катары эмгек жолун баштаган. Ал эми 2007-жылы ЖКга "Ак жол" партиясынан депутат болуп шайланып келген. 2009-жылдын январында Ош шаарынын мэри болуп шайланып, 2013-жылдын 5-декабрында кызматтан алынган.
 
* Мындан 113 жыл мурун, 1902-жылы биринчи жолу кылмышкерди таануу үчүн дактилоскопия колдонулган. Манжа сызыктарын изилдеген дактилоскопия илими манжа учтарындагы издер өмүр бою өзгөрбөй тургандыгын, ар адамдын манжа учтарындагы издер ар башка болорун аныктаган. Бул ачылыш 19-кылымдын аягында маалым болгон. Ошондон баштап тартип сактоо кызматкерлерине кылмыштын бетин ачуу үчүн бир топ жеңилдиктер жаралган.
* Мындан 60 жыл мурун, 1955-жылы залкар немис физиги, салыштырмалуулук теориясынын жана ошондой эле мейкиндик, мезгил, кыймыл, жарык, зат жана тартылуу жөнүндөгү түшүнүктөргө жаңы мазмун берип, физикалык теорияларды ачкан XX кылымдын улуу окумуштуусу Альберт Эйнштейн 76 жашында АКШнын Нью-Жерси штатындагы Принстон шаарында каза болгон. Өлөр алдында немис тилинде бир нече сөз айткан, бирок аны уккан америкалык медайым түшүнмөк түгүл кайра кайталап бере алган эмес.
* Мындан 59 жыл мурун, 1956-жылы 250дөн ашык тасмага тартылган америкалык актёр, белгилүү актриса Жулия Робертстин агасы Эрик Робертс АКШнын Миссисипи штатындагы Билокси шаарында туулган. "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлгөн Эрик Робертс "Лавлейс", "Чёрная метка", "Молодые и дерзкие", "Неудержимые", "Тёмный рыцарь" жана башка белгилүү тасмаларда роль жараткан. 
18-апрелде кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
17.04.2015. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Мелис Мырзакматовду туулган куну менен куттуктайм! Сизге чын ден-соолук узун омур каалайм. Оштун эли сиздин эмгегинизди эч качан унутпайт. Сиз кыргыздын чыныгы патриотусуз.
17.04.2015. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Туулган кунунуз менен Мелис ака, сизди кудайым кырсыктан сактасын омурунуз узун болсун! Сизге кас болгондор пас болсун..!
18.04.2015. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мелис байке туулган кун кут болсун!
18.04.2015. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мелис ака туулган кунунуз кут болсун !!! Эл сиз менен сыймыктанат. Кудайым сизге эки дуйно бактылуулугун берсин!
18.04.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мелис аке туулган кунунуз кут болсун!!!Сизге ден- соолук жана иштеринизге ийгилик каалайм.Сиздин Ошко кылган эмгегинизди элиниз эч качан унутпайт!
18.04.2015. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мелис аке туулган кунунуз кут болсун!Аллах Таалам сизге ден-соолук узун омур берсин.Биз сиз менен
18.04.2015. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туулган кунунуз менен,кыргыз элинин бешенесине бар болун
18.04.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Туулган куну кут болсун!
18.04.2015. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туулган кунунуз кут болсун!Мен ишенем сиз дагы кыргыз жеринде жасай турган иштериниз коп!Андыктан сизди чыдамсыздык менен кутобуз!
18.04.2015. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мелис ака туулган кунунуз кут болсун..кыргыз эли сиз менен сыймыктанабыз...
18.04.2015. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
С днюхой бро ))) тамаша Мелис байке туулган кунунуз менен. Кыргыздын керегине жараныз
19.04.2015. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунунуз менен Мелис аке!!!Албетте ак ийилет,бирок сынбайт демекчи бул да болсо кудайымдын сизге берген сыноосу болсо керек,эч качан чокпонуз .Эл тараза,эл сынчы дейт эмеспи,эл оозунда сиз жонундо жалан гана жакшы создор айтылууда.Он беш кун карангы болсо, он беш куну жарык.Уй-булоонуз менен тынч болунуз!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: