ЭЛДИК КАБАР: Чоң-Алайдын тургуну карышкыр менен кармашып, аны муунтуп өлтүрдү



Чоң-Алай районундагы Ачык-Суу айылынын 25 жаштагы тургуну Толубай уулу Ырыскелди карышкыр менен кармашып, карышкыр өлүп калды. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде Ырыскелди өзү WhatsApp (+996 557 47-39-39) аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Окуя кечээ, 17-апрель күнү саат 14:30 чамасында болгонун айткан окурман эч кандай жаракат албаганын билдирди.
Автор: Жамалидин Парманкулов
"Айылыбыздын жогору жагындагы Тамчы-Ата кыштоосуна топоз караганы баргам. Ат минип бараткан болчумун, карышкыр күтүүсүз жерден алдымдан чыгып, мага тап берди. Мен аттын үзөңгүсү менен башка чапкылап жатып жерге жыгылттым, кийин муунтуп өлтүрдүм",- деди Ырыскелди.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:30
2025-05-20

18:9
2024-12-02

15:12
2024-11-11

11:40
2024-10-01
12:43
2024-09-28

14:33
2024-09-24

Рейтинг:
5

эгер чын болсо анда азамат деп айтам...
алдаса бүт окурмандарды алдады дагы ким билет...
менин алдыманда чыккан койду жарып жеп жатканын көр
Түшүнүксүз комментарийиңиз өчүрүлдү.